Menu

Видео – Оштун жаңы мэри шаарды эки жылда өзгөртүүнү убадалады

Бөлүшүү:

Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайланды. Аны колдоп шаардык кеңештеги 45 депутаттын 44ү добуш берди.

Мэрди шайлаш үчүн чогулган шаардык кеңештин жыйынында Сарыбашев шаарды өнүктүрүү боюнча өз программасын депутаттарга сунуш кылып, эки жыл аралыгында калааны иретке салып, өнүктүрүүгө убада берди.

Ошондой эле ал шаардык казынадагы көмүскө каражаттарды ачыкка чыгаруу, бала бакча, мектеп тартыштыгын чечүү менен билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүнү башкы максаты катары белгиледи.

Депутаттар талапкерге суроо беришкен жок. Шаардык кеңештеги фракция лидерлери гана сунуштарын берүү менен чектелишти.

3-июлда Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу ишин тапшырып берген.

47 жаштагы Таалайбек Сарыбашев буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп эмгектенип келген. Аны шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция жалгыз талапкер катары көрсөткөн.

Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары кирген. “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Республика – Ата Журт” партиялары оппозицияда.

 

 

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: