Menu

Камчыбек Жолдошбаев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Мен Сооронбай Жээнбековдун агайы болчумун, өзүм тарбиялап, топ чапканды үйрөткөм”

Бөлүшүү:

Камчыбек байке, салам алейкум! Акыбалыңыз кандай?

-Жакшы. Көрүп турбайсыңбы… Күндө эртең менен машыгып, ден соолукту чыңдап эле жүрөм.

Зөөкүрлөнүп, өктөм сүйлөйсүз да…

-Мен эч убакта зөөкүрлөнбөйм. Качан көрдүң эле?

Баягыда бир Семетей болуп келгенде…

-Эми коё тур, анда өзүңөр да жөн сүйлөбөй кыжырга тийип атпайсыңарбы!

«Беш Сарыга» чакырып алып, чала «спортиктер» менен тоорусаңыз болбойт да…

-Эй, Семетейиңе эч ким тийбейт. Талаада, кепеде жашап жүрөт, менин бир да спортсменим барган жок. Барса башын жулуп алмак. Адресин билем. Андайларга колумду да булгабайм…

Опурулбай эле жай сүйлөшпөйлүбү?

-Сен жакшы бала элең, бирок, тиги Аскар Салымбековду колдоп кетпедиңби?! Мага артыңды салып. Түз жүрүш керек да.

Актанганда не? Убагында ошол Салымбековдун аркасы менен адам болгон турбайсызбы?!

-Калп! Баары калп! Аскар менин короомду шыпырып адам болгон. Студент кезде апасы Сайраке, ал менин да апам болуп калды. «Алдыңа кетейин Камчыбек балам, Аскарымды шаардан балдар уруп койбосун, көз салып, карап жүрчү?» деп мага тапшырып берчү. Мен Аскарды көтөрмөлөп, элге кошуп, кийин бизнес жасаганды да үйрөткөм, менин аркам менен байыган…

Анан болушуп жүрдүңүзбү?

-Мындай чыкканда эле өзүм уруп койчумун… Бирок шаардан балдарга тийгизген жокмун. Студент кезде Аскарды мотоциклиме учкаштырып алып, шаар аралатып, кыздарга да алпарчумун. Мен болсо дөөдөй болуп турсам, Аскар арык, илмийген бала болчу.

Сиз спортсмендер менен да мамилеңиз жакшы болуп жүрдү окшойт?

-Коё турсаң эй, бир окуяны айтып берейин. Рысбек Акматбаев, Аскар Салымбеков, Раатбек Санатбаев жана башка адамдар менен бир күнү жолугушуп, сүйлөшкөн элек. Ортодогу сөз ойдогудай болбой, Рысбек ма­га «Аскар жылкысын даярдай берсин, таңдан чыкпайт…» деди. Мен болсо, «Рысбек, айланайын, Аскарды атып салсаң жылкыны мен соём, тийе көрбө, токтот» деп арачыга түшүп, сактап калган болчумун. Ошол жакшылыгымды да билбей жүрөт… Дагы айта турган сөздөр көп… Жаңы үйлөнгөн кездерде Аскар, аялы Гүлмира, Эмил Узакбаев, жана башка достор болуп, менин үйүмө келип, тамак ичишип, анан түнөп калышчу. Мындай күндөр көп болгон.

Жыргалбек Сурабалдиевди ким атып кетти эле?

-Аны эмне кыласың? Жыргалбек менин досум, сенин байкең болчу. Ал эч кимден коркчу эмес, жакшы мушташчу, каршылашкан адамын талкалап салчу. Саясатчылардын баары Жыргалбектен коркуп, титиреп турушчу…

Алиги кызы Элвира сиз менен коллега болуп жүрөт да…

-Ооба. Андан башка да кыйын кыздары бар. Тапанчаны таамай атышат…

Камчыбек байке, сиз кошомат кылып, Атамбаевге өтүп кеттиңиз го? Лидериңиз Бакыт Төрөбаевди сатып…

-Ким кошомат кылыптыр? Дагы эмне дегени турасың?! Сен эгер билсең, мен Алмазбек Шаршеновичти өтө урматтайм. Эң башкысы, ал мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө салым кошту. Экономикабызды көтөрүүгө жол ачып, көп ийгиликтерди жасады. Атамбаевдин ишмердиги боюнча сага дагы интервью берейин, деталдаштырып, баарын айтып берем. Ал эми Бакыт болсо өзү жаштык кылып, тескери жолго түшүп кетип, эми араң оңолуп келатпайбы. Менин тилимди мындан ары Төрөбаев угуп жүрсө, бат эле адам кылып коём…

Туйгунаалы Абдраимов БШКны жетектеп турганда сизди «Өнүгүү-Прогресске» кошуп, анын аркасынан депутат болдуңуз го?

-Эмне экен?! Сен эмне, ортодо отурдуң беле? Туйгунаалы байкең жок кезде эле мен Камчыбек Жолдошбаев болчумун. Мурда деле депутат болгом. Туйгунаалынын кыялы чатак, ага каршы чыкпайм, эми депу­тат кылса кылды да… Бирок мен болбосом «Өнүгүү-Прогресс» парламентке өтпөй калмак…

Баса, сиз бир топ атактууларды окуттуңуз беле?

-Ой, Абдил Сегизбаев менден тарбия алган бала да. Селхоз институтта топ чаптырып, өзүм чоңойтком аны. Абдил мыкты жигит. Мына, былк эттирбей УКМКны башкарып, сен экөөбүздүн коопсуздугубузду сактап отурат. Коё тур, Сооронбай Жээнбековдун да агайы мен болчумун. Институтта окутуп, волейбол үйрөнүүсүнө салым кошуп, шарт түзүп, өзүм өстүрүп, чоңойтком. Көрүп атпайсыңбы, мен тарбиялаган балдардын алды президент, экинчиси генерал болуп. мамлекетти кармап турушат.

Сиз убагында Майрам Акаеваны төргө отургузуп, сыйлап, ошонун аркасы менен бизнесиңизди гүлдөтүп алгансызбы?

-Тескерисинче да. Мени Майрам Акаева төргө отургузчу. Мен аларга да жакшылык кылдым. Кара-Кече кандай акыбалда эле? Мына ошол жерди оңдоп, мамлекетке эбегейсиз салым коштум. Экономиканы, бизнести көтөрүү боюнча көптөгөн иштерди жасадым. Майрам эже «Камчыбе-ек, келчи…» деп кучактап, бетимен өпчү. Мен Акаевдин үй-бүлөсүнө да жол көрсөтүп, мамлекет үчүн иштөөгө үндөсөм, өздөрү тескери кетпедиби…

Ишмердигиңиз кандай болуп атат? Ушул жагынан кеп салсаңыз?

-Жакында Өзбекстанга делегация ме­нен барып келдик. Өзбек туугандар чай үстүнө чакырып, анан мен тост сүйлөгөндө, жүрөккө жете тургандай катуу айттым да, баары жабалакташып, мага үймөлөктөшүп калышты, менин сөзүм үчүн алып ийишти. Кыргызстанга инвестиция тартуу, бир тууган эл катары карым-катышты чыңдоого салым коштум. Эми ошол жерден Бакирдин Субанбеков шүмүрөйүп туруп алып, кагаз карап окуп, баарыбызды уят кылды. Бакир­дин кантип министр болуп жүргөн?! Билем анын министр болгонун, Рысбектен коркуп эле кабинетинде жашынып отурчу. Менин кеңешим ушул да, мындай эл аралык чөйрөгө чыкканда Субанбеков кыргыздарды уят кылып барбай эле койсо…

(Уландысы болот же болбойт)

Асланбек Сартбаев

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: