Menu

Көп мээлер

Бөлүшүү:

Парламент кайсы эл, кайсы мамлекет болбосун ошол элдин, ошол мамлекеттин акыл чордону, элдин турмуш-тиричилигине, келечегине кам көргөн бирден-бир мээси болуп эсептелет.

Ошол мээлер мамлекетти дүңгүрөп өскөн өлкөлөрдүн катарына кошуп, улуттун намысын көтөрүп, улуттуулутка, элди-элге теңейт.

Мына алсак, биздин кыргыз мамлекетинде Кыргызстандын тарыхында би-ринчи жолу көп мээлерди шайладык. Бул мээлер өзгөчө мээлер. Анткени бул көп мээлер өрттү күтүшөт, ар кандай кырсыктарды күтүшөт. Мына ушул көп мээлердин багына жараша быйыл ЖЭБде чоң кыр-сык болду. Уйкуда жаткан мээлер чыкылдап иштей башташты. Ал тармакка бөлүнгөн 386 млрд. доллардын сары изине чөп салып тыкыр изилдешүүдө. Азыр бул көп мээлердин мээлери өтө жогорку деңгээлде чыңалып турган маалы. Бир жаман жери, бул тармакка кырсык болгонго чейин кызыгып, мынча акчаны кайда жумшап, кантип пайдаланып жатасыңар деп сураган мээлер болбосо керек. Эми өрттөн кийин насосторун көтөрүп чуркашкан өрт өчүргүчтөргө окшошуп чуулдап жүрүшөт. Бир мээден бир мээси өтөт.

Эми бул көп мээлер баарына даяр. Керек болсо ЖЭБ Фрунзеге качан ким-дер аркылуу курулганын изилдешет. Эмне үчүн ушунча узун трубасы менен кан жолдун боюна курулган! Жазып-тайып трубасы кулап кетсе жолду бөгөп калбайбы деп Хрущев, Брежневдерди жоопко тартышып, бул тармакта иштешкен алардын илик-
жиликтерин иликтей башташат.

Мурунку премьерлер Ж.Сатыбалдиев, Т.Сариев, С.Исаковдорго окшогондорго болсо аёо жок. Ал эми мурунку президент А.Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратып, алты жыл текей тергендиги үчүн жоопко тартыш керек. Көрдүңөрбү, көп мээлер шакардай кайнап, шакылдап кандай иштей башташты. Бир мээ жакшы, көп мээ болгон андан жакшы. Баарынан кызыгы, бул көп мээлер бир эрден чыгып, экинчи эрге тийип,биринчи эрин жамандаган жаман аялдын кейпин кийип калышты. Кечээ эле Атамбаев азамат! Эч бир президент кылбаган ишти кылды деп этегине эрмелип, жакасына жармашкандар бүгүн А.Атамбаевдин чукулбай турган жерине сөөмөйүн салып чукуй башташты.

Эми Датка-Кемин чубалгысын чубап, көп мээлерден турган комиссия түзгөнү турушат. Бул көп мээлер ошол Датка-Кемин курулуп жаткан маалда кайда жүрүштү эле?

Эми биз карапайым калк бул көп мээлерден түзүлгөн көп эле комиссияларды көрдүк. “Кумтөргө” канча комиссия түзүштү. Жолдорго түзүштү. Текебаевге түзүштү. Арасындагы колу туткак мээлерди соттон арачылап түзүп келишет, айтор аягы жок.

Дегинкиси эле айтайын дегеним, бул мээлер мээлерди ээрчип делдирешпей, качан өз мээлери менен иштешет? Ушунча көп мээлер чогулуп алышып, алакандай кыргыз элин бүтүндөй көк мээ кылмай болушту.

Абылгасым Абдыракманов

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: