Menu

Депутаттык комиссия бул мыйзамдарды билеби?!

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн комиссия өзүнүн ишине киришерден мурун, алгач төмөндөгү мыйзам беренелери менен таанышып койсо…

Кыргыз Республикасынын мыйзамы. 2011-жылдын 25-ноябры № 223

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти (мындан ары – ушул Регламент) Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары – Конституция) каралган ыйгарым укуктардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары – Жогорку Кеңеш) тарабынан жүзөгө ашырылышынын тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.

33-берене. Убактылуу комиссиялар

1. Жогорку Кеңеш айрым маселелерди иликтөө жана парламенттик – териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн убактылуу комиссияларды (мындан ары – комиссиялар) түзөт.

2. Комиссия түзүү жөнүндө сунушту фракциялар же комитеттер киргизүүгө укуктуу, ал Координациялык Кеңеш тарабынан каралууга жатпайт.

3. Фракциялардын сунушу боюнча, алардын Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн тең салмактуулугун эске алуу менен курамы 5 депутаттан кем эмес болгон комиссия түзүлөт.

4. Эгерде фракция комиссиянын курамына төрагалык кылуучу белгилеген мөөнөттө өзүнүн өкүлдөрүн сунуштабаса, Жогорку Кеңеш алардын катышуусуз эле комиссияны түзөт.

5. Комиссий түзүү жөнүндө токтом төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) комиссиянын аталышын;

2) комиссия кароо үчүн түзүлгөн максаттарды, милдеттерди, маселелердин чөйрөсүн;

3) жеке курамын;

4) анын иштөө мөөнөтүн;

5) иштин натыйжалары жөнүндө баяндама берүүнүн мөөнөтүн;

6) комиссияны уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыз кылуу маселелерин.

6. Комиссиянын иштөө мөөнөтү ал түзүлгөн күндөн тартып 3 айдан ашышы мүмкүн эмес. Комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

7. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 4 ай калганда комиссия түзүүгө жол берилбейт.

8. Төмөнкүлөр комиссиянын төрагасы жана анын орун басары болуп шайланышы мүмкүн эмес:

1) комитеттердин төрагалары;

2) бир фракциянын мүчөлөрү.

9. Кызыкчылыктардын карама-каршылыгы болгондо депутат комиссиянын курамы шайланганга чейин өз талапкерлигин алып коюуну билдирүүгө милдеттүү.

10. Эгерде комиссиянын ишинин жүрүшүндө депутатта кызыкчылыктардын карама-каршылыгы пайда болсо, ал комиссиянын курамынан чыгуу жөнүндө арызын комиссиянын төрагасына берүүгө милдеттүү, бул жөнүндө фракциянын лидерине билдирет.

11. Комиссиянын чыгып кеткен мүчөсүнүн ордун ээлөө ошол эле фракциянын өкүлдөрүнүн ичинен жүзөгө ашырылат.

12. Комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, Төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн белгиленген негиздерде жана тартипте жүзөгө ашырылат.

136-берене. Президентти кызматынан четтетүү

1. Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен бышыкталган, Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.

2. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмеси кол койгон, жазуу жүзүндөгү сунуштама айып коюу маселесинин демилгелениши болуп саналат. Сунуштамага кол койгон депутат өзүнүн койгон колун кайра чакыртып алууга укуксуз. Айып коюу жөнүндө сунуштамада Президентке коюлуп жаткан айыптын кылмыш белгилеринин дайындуу көрсөтүлүшү, ошондой эле анын бул кылмышка тиешеси бар экендигинин негиздемеси камтылышы керек.

2. Жогорку Кеңеш жол-жобо эрежелеринин сакталышын жана айыптоонун иш жүзүндөгү негиздүүлүгүн баалоо үчүн, 7 күндүн ичинде токтом менен убактылуу комиссияларды түзүү үчүн ушул Регламентте белгиленген тартипте атайын комиссия түзөт. Атайын комиссия 7 күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңешке өзүнүн корутундусун берет. Терс корутунду айып коюу жол-жобосун токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.

3. Айып коюу жөнүндө сунуштама жана атайын комиссиянын корутундусу, атайын комиссиянын корутундусу берилген күндөн тартып 7 күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңештин жыйналышында каралат. Маселени талкуулоого ушул сунуштаманын демилгечилеринин ичинен ыйгарым укук берилген депутат, атайын комиссиянын төрагасы, фракциялардын өкүлдөрү, ошондой эле фракциялар тарабынан чакырылган, берүүчү баалары жана көрсөтмөлөрү олуттуу мааниге ээ балуучу эксперттер жана башка адамдар катышат. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө сөз кезексиз берилет.

5. Президентке каршы айып коюу жөнүндө токтом атайын комиссиянын корутундусу берилген күндөн тартып 7 күндөн кечиктирилбестен, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6. Президентке каршы айып коюлгаң учурда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери бар экени жөнүндө корутунду алуу үчүн 3 күндүк мөөнөттө Башкы прокурорго Жогорку Кеңештин токтомун жана башка документтерди жөнөтөт.

7. Башкы прокурор Жогорку Кеңеш тарабынан берилген токтомду жана башка документтерди карап чыгат жана өзүнүн корутундусун бир айлык мөөнөттө Жогорку Кеңешке берет.

8. Төрага Башкы прокурордун корутундусун 3 күндүк мөөнөттө бардык фракцияларга жана комитеттерге жиберет. Кийинки 7 күндүн ичинде Жогорку Кеңеш Президенттин иш аракеттеринде кылмыш белгилери бар экенин айкындоо максатында Башкы прокурордун корутундусун карап чыгат. Ушундай ырастоо болгон учурда Жогорку Кеңеш Президентке каршы коюлган айыпты жана Башкы прокурордун корутундусун маани-маңызы боюнча кароонун (кароо токтом кабыл алынган күндөн тартып 10 күндөн эрте жана 20 күндөн кеч башталбоосу керек) күнүн дайындоо жөнүндө токтом кабыл алат, тескерисинче болгон учурда айып коюу четке кагылган болуп эсептелет.

9. Президентке каршы коюлган айыпты жана Башкы прокурордун корутундусун маани-маңызы боюнча кароого ушул сунуштаманын демилгечилеринин ичинен ыйгарым укук берилген депутат, атайын комиссиянын төрагасы, фракциялардын өкүлдөрү, ошондой эле фракциялар тарабынан чакырылган, берүүчү баалары жана көрсөтмөлөрү олуттуу мааниге ээ болуучу эксперттер жана башка адамдар катышат. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө сөз кезексиз берилет.

10. Маселени кароо аяктагандан кийин, бирок Президентке каршы айып коюлган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен, Президентти кызматынан четтетүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтому добушка коюлат. Токтом жашыруун добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңеш чечим кабыл албаса, айып коюу четке кагылган болуп эсептелет.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: