Menu

Орусияда ири алдамчылык иши боюнча энергетика министринин орун басары кармалды

Бөлүшүү:

8-сентябрда Орусиянын энергетика министринин орун басары Анатолий Тихонов сурак берүү үчүн Тергөө комитетине жеткирилип, ири алдамчылык иши боюнча кармалды. Бул тууралуу «Интерфакс» жана агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.

«Тихонов шектүү катары суракка алынып, айып тагылганга чейин кармалды. Ага карата эртеден бери тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ал алдамчылык жол менен ири өлчөмдө акча уурдаган деп шек саналууда», — деп билдирди агенттиктин булагы.

«Коммерсант» басылмасы Тихонов менен чогу бул иште Орусиянын энергетикалык агенттигинин директорунун орун басары Игорь Кожуховский жана башка бир нече аткаминер шектүү катары өтүп жатканын жазды. Расмий түрдө ырастала элек маалыматтар боюнча, Кожуховский да сурак берүү үчүн Тергөө комитетине жеткирилди.

51 жаштагы Тихонов 1999–2003-жылдар аралыгында Санкт-Петербург акимчилигинин Каржы комитетинин төрага орун басары, андан кийинки беш жылда Красноярск крайынын губернаторунун администрациясында иштеген. Андан соң «Өнүгүү банкы жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк» (Внешэкономбанк) мамлекеттик корпорациясынын төрага орун басары, Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеген. 2019-жылдын июль айында энергетика министринин орун басары кызматына дайындалган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, аткаминер айыпталып жаткан кылмыш 2014-жылы бекитилген «Энергоэффективдүүлүк жана энергетиканын өнүгүүсү» аттуу мамлекеттик программанын алкагында жасалган. Бул программаны каржылоого агенттикке бөлүнгөн 968 миллион рублдин бир бөлүгү уурдалган.

Тихонов Энергетика министрлигинде корпоративдик жана каржы блокторун көзөмөлдөп, отун-энергеткалык комплекс тармагындагы импорттун ордун толтуруу жана энергетиканы санариптештирүү маселелери менен алектенип келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: