Кечээ, 11-августта “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Башмыйзамдын өзгөрүшү боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Ал Конституциянын өзгөртүүгө каршы пикирин айтуу менен, азыр өлкөдө бийликти узурпациялоо күч алганын билдирди. Ошондой эле президенттин кеңешчиси Икрам Илмиянов жөнүндө да сөз козгоп, ал учурда өлкөнү каалагандай башкарып жатканын далилдер менен айтып өттү. Колундагы Башмыйзамды барактап, силкип көрүп “Мына, Конституцияда “Икрам” деген жок. Бирок ал башкарып жатат”, – деп залдагы журналисттердин баарын бир сыйра күлдүрдү.
https://youtu.be/Fh54Pxvztmc
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ