Menu

Максат Мамытканов, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы: “Бизде декларация тапшырган 50 миң чиновникти текшерүү оңой эмес”

Бөлүшүү:

УКМК Дүйшөнбек Зилалиевдин “мамлекеттик жогорку кызматтарда турганда мыйзамсыз байыган” деген айыпка жыкты. Мурдагы вице-премьер-министр өз декларациясында 1 миллион долларга жакын акчасын жана кыймылсыз мүлкүн жазган эмес. Зилалиев болсо «байлыгын жашырды» деген дооматтарды четке кагып жатат. Декларацияга байлыктарын жазбаган аткаминерлер дагы көп. Бул тууралуу УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамыткановдун пикирин уктук.

– Зилалиевдин байлыгы көпчүлүктүн оозун ачырды. Сиз кандай пикирде калдыңыз?

– Зилалиевдин камалышы боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери ыкчам амалдардын негизинде көп материалдарды топтоп, ушундай жыйынтыкка келип, сотко кайрылышып, иш козголуп, прокуратура ошол иштерге баа берип, ушундай чаралар көрүлүп жатат. Прокуратура менен укук коргоо органдары жазып жатат, ал мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, өмүрүндө мындай байлык топтой алмак эмес. Экинчиден, ал тоо-кен өндүрүшүн башкарып, геологияны жетектеп турганда «жумушу жок тууганына лицензия берип коюптур» деген фактыны жарыялап жатышат. Ошол тууганы Зилалиевдин жардамы менен алган лицензияларды сатып, чоң суммадагы киреше көргөн. Ошол акчалар каякка кеткени тууралуу сурак жүргөн. Анан чындык далилденген. Ошонун негизинде бул айыптар коюлуп жатат.

– Зилалиевдикине окшогон фактылар абдан эле көп болсо керек. Алардын да бети ачыларын күтсөк болобу?

– Азыр декларациялардын баарын текшерүүгө алыш керек. Аны өзүнүн алкагында салык инспекциясы менен прокуратура текшерип жатышат. Бирок, бир нерсени унутпаш керек, буга чейин мамлекет эки жолу салык амнистиясын өткөргөн. Ошол салык амнистиянын учурунда чиновниктер өзүнө тийиштүү мүлкүн ачык түрдө жарыялап, ачыкка чыгарып, кийин ошонун баарын көмүскөдө калбасын деп өздөрүнүн укугунан пайдаланып акталса, бул бир жөн. Бул жакшы маселе. Анткени декларацияларды толтуруунун алдында салык амнистиясы эки жолу жүргөн. Эки жолу аткаминерлерге мамлекет шарт түзүп берип, «мүлкүңөрдү ачыкка чыгарып алгыла, каттап алгыла, өзүңөргө залакасы тийбесин» деп мүмкүнчүлүк бергени менен аны пайдаланбагандар эми жазага тартылышы керек. Анткени мамлекет эки жолу мүмкүнчүлүк берди да. Азыр «ошол берилген эки салык амнистиясын колдонбой, эмне себептен ачыкка чыгышкан жок?» деген суроолор туулуп жатат. Эми биздин канча аткаминер ошондой декларацияны туура эмес, так эмес толтуруп, же бурмалоо маалыматтарын билгизгени жөнүндө иштин жыйынтыгын жакында көрөбүз. Ал жыйынтык менен Зилалиевдикине окшогон фактылар сөзсүз чыгышы мүмкүн. Анткени бизде декларацияны тапшырган 50 миң чиновник бар. 50 миң декларацияны текшериш оңой эмес. Анткени салык инспекциясынын кызматкерлеринин, прокурорлордун саны аз. Ошондой маалыматтар дагы чыкчу болсо, мыйзам чегинде чара көрүш керек.

– Зилалиевдин мындан аркы иштери кандай болот?

– Сот иштери башталды. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Соттун чечими чыкмайынча, Конституция боюнча бир дагы жаранды «күнөөлүү» же «күнөөлүү эмес» деп айта албайбыз. Азыр аларды «кылмышкер», «мыйзам бузган» деп күнөөлөгөнгө да укугубуз жок. Соттун чечими менен гана баары айтылат. Азыр бир нерсе деп айтууга али эрте.

Маектешкен: Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: