Menu

Тажикстанда 2 миңден ашык жаран өлкөдөн чыгуу укугунан ажыратылды

Бөлүшүү:

Тажикстан өкмөтүнө караштуу Аткаруу кызматы 2 миңден ашык жаранды өлкөдөн чыгуу укугунан ажыратты.

Расмий маалыматтарга караганда, бул адамдар насыя же алимент боюнча карызы бар жарандар. Алардын арасында 130 жеке компаниянын жетекчилери да бар.

Аткаруу кызматы тажик өкмөтүнүн алдында эки жыл мурда түзүлүп, сот чечимдерин аткаруу менен алектенип келет.

«Тизме электрондук маалымат базасына киргизилип, ал чек арачылар менен ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн жеткиликтүү болот. Алар бул тизмеден карызын төлөгөндөн кийин гана чыгарылат. Буга чейин карызы барлардын көбү чет өлкөгө чыгып кетип, карызы төлөнбөй кала берчү», — деди мекеменин өкүлү.

Өз кезегинде насыя же алимент боюнча карызы бар жарандар көпчүлүгү акчаны чет өлкөлөрдө иштеп тапкандыктан, бул чара көйгөйдү чечпей турганын билдиришүүдө.

«Тажикстанда жумуш жок. Буга чейин алименттин акчасын Орусиядан салып турчумун. Азыр жолдор жабык, төрт айдан бери төлөй албай жатам. Жолдор ачылгандан кийин «кара тизмеде» экеним аныкталса, акчаны кайдан табам билбейм», — деди Хатлон облусунун тургуну Анвар Жураев.

Буга чейин Тажикстандын Улуттук банкы «терроризмге» байланышы бар жана экстремисттик топтордун мүчөсү делген 2 647 кишинин тизмесин түзүп, аларга бардык банк операцияларын колдонууга тыюу салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: