Menu

Казакстанда абактагы мунайчы активист эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

Oil Construction Company (ОСС) мунай компаниясынын кесиптик кошуунунун мурдагы төрагасы Амин Елеусинов 22-майда түрмөдөн чыкты. Сот ага шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндик берүү боюнча 4-майда токтом чыгарган.

2017-жылы майда Астана соту Амин Елеусиновду эки жылга эркинен ажыраткан, укук коргоочулар муну саясий куугунтук деп аташкан.

57 жаштагы Елеусинов былтыр январда Мангистау облусундагы мунай компаниясынын жумушчулары менен бирге Көз карандысыз кесиптик кошуун конфедерациясынын жоюлушуна каршы чыгып, ачкачылык акциясына катышкан. Ошондон кийин ал профсоюз акчасын уурдоо жана полицияны мазактоо, ага баш ийбөө жана зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча күнөөлөнгөн.

Елеусинов менен бирге кесиптик кошуундун коопсуздук боюнча ошол кездеги инспектору Нурбек Кушакбаев да камалган. Елеусинов менен Кушакбаев кармалгандан кийин мунайчылардын нааразылык акциясы токтогон, ондогон жумушчулар административдик жоопкерчиликке тартылган.

35 жаштагы Кушакбаев дагы ушул айда мөөнөтүнөн мурда абактан чыгары күтүлүүдө.

Елеусинов менен Кушакбаев апрелде казакстандык укук коргоочулар түзгөн “саясий туткундар” тизмесине кирген.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: