“Бишкек шаарынын 50 көчөсүн оңдойбуз деп, эки айга деп мэрия жаап салган, бирок байкап карасам жыргатып деле оңдоо иштери жүрбөй жатат, болгону 2 сааттай иштешет экен”, – деп билдирди бүгүн, 24-майда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда депутат Камчыбек Жолдошбаев.
“Натыйжада шаар 50 жерден жабылып, бүт шаар боюнча пробкалар түзүлүп жатат. Айрыкча Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги оңдоо иштери узакка созулуп, ал тегеректеги элге эбегейсиз ыңгайсыздыктарды түзүп жатат. Мындай боло тургандан кийин шаарды 50 жерден бууп албай аз-аздан, четинен бууп, 15 күндөн жаап, улам бирин бүтүрүп жылдырып олтурса болбойт беле? Өкмөт буга чара көрүп, көчөлөрдү ачсын, оңдоо иштери жүргөн гана көчөлөр жабылсын ” – деди депутат Камчыбек Жолдошбаев.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ