Казакстандын Семей шаарына жакын жердеги Краснокардонск токой чарбасында өрт өчүрүү иштери уланууда, учурда абал өрт өчүрүүчүлөрдүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар департаментинин Чыгыш Казакстан аймагы боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, өрт 300 гектарга жакын аянтка жайылган. Өрт өчүрүүгө токой чарбасынын, авариялык-куткаруу жана өрткө каршы күрөшүү кызматтарынын жүздөгөн жумушчуларынан турган топ катышууда.
Учурда өрт толугу менен өчүрүлө элек, бирок абал көзөмөлдө.
Адистер өрттү өчүрүүгө шамал жана аймактагы бийик жерлер тоскоолдук кылып жатканын айтышууда. Кечээ тик учактын жардамы менен асмандан суу чачылган.
Дүйшөмбүдө социалдык түйүндөргө жарыяланган күбөлөрдүн видеолорунда автоунаа жолу жана имараттарга жакын жерден асманга коюу кара түтүн көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот.
https://www.facebook.com/100006218255441/videos/2005137813036808/
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ