Menu

Ташкентте белгилүү укук коргоочу Василя Иноятованын сөөгү жерге берилди

Бөлүшүү:

19-майга караган түнү Ташкентте белгилүү укук коргоочу Василя Иноятова 62 жаш курагында көз жумду. Ал көп жылдардан бери “Эзгулик” укук коргоо уюмун жетектеп келген. Иноятованын сөөгү 20 майда жерге берилди.

“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, укук коргоочу ички кансыроого байланыштуу операция учурунда көз жумган.

Иноятова акыркы жылдары саясий туткундардын укугун коргоо менен алектенчү. Ал саясий жүйө менен камалган оппозициялык саясатчыларга, активисттерге жана журналисттерге юридикалык жардам көрсөтүп, ден соолугу начарлаганына карабай өзбек түрмөлөрүн кыдырчу. Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдар да саясий туткундар тууралуу маалыматты Иноятова аркылуу алып турушкан.

Василя Иноятова жетектеген “Эзгулик” коому Өзбекстанда 2003-жылы катталган жалгыз укук коргоо уюму болуп эсептелет.

1990-жылдары саясий позициясына жана ишине байланыштуу Василя Иноятованы бир нече жолу кармашкан.

Орусиялык “Независимая газетага” чыккан ырынан улам 1993-жылы ал кездеги өзбек президенти Ислам Каримовдун ар-намысына шек келтирди деген жүйө менен соттошкон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: