Аксы районунда жыл башынан бери 9 өспүрүм физикалык зомбулукка кабылды. Бул тууралуу прокурор Марат Осмонов билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсеге аз. 2019-жылдын 9 айында жашы жете электерге карата 28 зордук-зомбулук катталды.
«Алардын ичинен 5 жашы жете элек балдар сексуалдык зомбулукка кабылган, 23ү физикалык зомбулукка кабылган. Ушул себептен райондо жашы жете электерге карата зомбулуктун алдын алуу боюнча прокурордук көзөмөл күчөтүлдү. Кызматкерлер тарабынан окуучулардын, ата-энелердин, мугалимдердин катышуусунда тегерек столдор, жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турду.
Ошол эле учурда, жашы жете электерге укуктук, социалдык жана башка жардамдарды көрсөтүү, өспүрүмдөрдүн, ата-энелердин укуктарын жана милдеттерин алдын алуу, ошондой эле жашы жете электерге карата кылмыштуулукту азайтуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул багытта көзөмөл күчөтүлөт “, – деди Осмонов.
Быйыл 9 өспүрүм физикалык зомбулукка кабылды. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 5 жосунсуз жорук жана жашы жете электерге карата жасалган 4 кылмыш катталган. Анын ичинен 2 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 2 кылмыш иши жана 5 тартип бузуу кыскартылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ