Орто-Сай базарынан чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, өрт тууралуу чалуу 9-ноябрь күнү саат 00: 26да келип түшкөн. Окуя болгон жерге №3 шаардык милициянын бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу барган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт базардын эки кабаттуу имаратында чыккан, анда соода павильондору гана эмес, тигүү цехи, дүкөндөр жана тез тамак-аш тармагы да жайгашкан.
Коопсуздукту камсыздоо жана өрт өчүргүчтөрдүн ишине тоскоол болбоо үчүн милиция аймакты курчоого алган.
Бул факт КЖБРГе КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Башка бирөөлөрдүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу”) боюнча катталган. Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн өрт-техникалык экспертиза дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ