Menu

Дүйнөлүк банк: Тажикстан телекоммуникация тармагынын өнүгүшүнө кедерги болууда

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк Банк бир катар функцияларды топтоп алган ”Тажик Телекомду” жеке инвестицияларга бөгөт коюуга, өлкөдөгү интернет-базарлардын өнүгүшүн чектөөгө айыптады.

Дүйнөлүк банктын баяндамасында 2000-жылдардын биринчи он жылдыгында өнүгүүгө багыт алган телекоммуникациялык сектор учурда атаандаштыкка туруштук бербей, өтө көзөмөлгө алынып жатканы айтылат.

Банк Байланыш кызматы Ооганстан менен транс чек аралык байланыш түзгүсү келген компанияларга кедерги болуп жатканын, Кытайдын оптоволокно кабелдерине кошулууга бөгөт койгонун мисал келтирген. Баяндаманын авторлорунун пикиринде, бул маселелер чечилсе, Интернеттин чыгымдары азайып, сапаты жана ылдамдыгы жакшырат.

Мындан тышкары Voice over Internet Protocol (VoIP) аркылуу эл аралык байланыш көрсөтүүгө тыюу салынганын, SIM-карталарды сатууга жаңы эрежелер киргизилгенин, Wi-Fi түйүнү көзөмөлгө алынганын да эске салган.

Тажикстанда бул тармакта иштеген компаниялар үчүн салыктын көлөмү да көбөйгөн.

Дүйнөлүк банктын адистери бул жагдайларды эске алуу менен “Электр байланышы жөнүндө” мыйзамды кайра карап чыгууга, Байланыш кызматынын функцияларын бөлүштүрүүгө кеңеш берет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: