Menu

Бишкек ЖКККБнын башчысы менен орун басары конкурстан өтпөй калышты

Бөлүшүү:

Бишкектин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) учурдагы башчысы Шаирбек Бопонов борбор калаанын патрулдук милициянын жаңы башкармалыгына өткөрүлгөн сынактан өтпөй калды. Ошондой эле тандоо баскычынан анын орун басары Мирлан Чалыбаев да кулап калган.

Жалпысынан жаңы ведомствого 102 талапкер өтпөй калган, алардын арасында Чүй ОИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Алмазбек Исаков да бар.

2019-жылдын май айында ЖКККББны Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына (МККБ) өзгөртүүнү чечишкен. Жаңы ведомстводогу жумушка орношуу үчүн конкурстан ийгиликтүү өтүү шарт эле.

ЖКККББнын басма сөз катчысы Тилек Исаевдин айтымында, жаңы кызматтын азыркы ведомствого салыштырмалуу ыйгарым укуктары көбүрөөк болот — алар калкка жардам көрсөтүшүп, кылмыштардын бетип ачып, коопсуздукту камсыздашат. Жаңы кызмат Бишкекте пилоттук тартипте иштеп баштайт.

Бул кайгуул милицияны реформалоонун бешинчи аракети. Акыркы жолу ведомствонун атын 2017-жылы ошол маалдагы премьер-министр Сапар Исаков өзгөрткөн. Анда ведомство Кайгуул милициянын башкы башкармалыгынан (КМББ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоонун башкы башкармалыгына (ЖКККББ) өзгөргөн.

Албетте, реформа болуп, аты өзгөрүп, жаңыча түзүлгөн мекемеге кызматкерлер конкурс жолу менен кабыл алынгандыгы жакшы. Бирок алар баягыдай эле көчө боюндагы дарактарга жашынып алышып, болор-болбос жол эрежесин бузган айдоочуларды токтотуп, “шабашка” жасай беришеби же цивилизациялуу жол менен сылык мамиле жасап, айыппулдан мурда эскертүү, түшүндүрүү иштерин да жасашабы?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: