Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирусту жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Алардын айтымы боюнча, ал 5-майда Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 диагнозу менен түшкөн, дарылоо оор өтүүдө.
Анын ден соолугунун абалы начарлашына байланыштуу, 12-майда республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган.
“Бүгүнкү күндө бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында жатат, абалы оор деп бааланууда” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ