Menu

Баян Жумагулова, журналист: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевдин отурган “түрмөлөрү” миңдеген кыргыздын кепе үйлөрүнөн төөлүк өйдө экен”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-майда белгилүү журналист Баян Жумагулова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, өлкөнү талап-тоногон, «Коррупция» беренеси менен айыпталып, соттолгон мурдагы чиновниктердин жаза өтөөчү жайларынын шарттары миңдеген карапайым элдин жашоо-шартына салыштырмалуу төөлүк өйдө экенин айткан.

Баян Жумагулованын Фейсбуктагы баракчасына жазган кайрылуусун толугу менен беребиз:

“Эң кара ниет, бүткүл кыргызга жамандык кылган, өлкөгө орду толгус чыгаша келтирген ууру кырмышкерлерди эмнеге эркелетип, комфортабельный шарттары бар жерге олтургуздуң, урматтуу Президент? Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевдин отурган “камераларынын” сүрөтүн көрүп, таң калып, тарс жыгылып атабыз! Миңдеген кыргыздын бала чакасы менен күн көрүп аткан меши жок, чатыры жыртык сарай, кепе үйлөрүнөн төөлүк өйдө экен чоң уурулардын жаза өтөөчү жайлары! Барак-батирлерге салыштырмалуу өзүнчө эле дворец тим эле! Гумжардам тараткан жаштардын интернетке койгон видеолорун көрдүң беле? Көрө элек болсоң, ачып карачы, элиң кандай зээн кейитеерлик жагдайда күн көрүп жатканын!

Тоок уурдаган уурудан эмнеси менен айырмаланат бийликтен чыккан чоң ууру жүзүкаралар? Туура, уурдаганы андан миллион эсе көптүгү менен, айыбы тоодой экени менен! Демек жаза өтө турган шарты тоок уурдаган уурунукунан миллион эсе төмөн,- кадырэсе камералар болуш керек эле да! Же мен туура эмес айтып жатамымбы? Буларды эмнеге мынчалык эркелеттиң? Же уурдаганынан бөлүштүбү алар? Же “непадам салык төлөбөгөн өз жек-жаатым, бажа-сажа, куда-сөөк, күйөө бала, өкүл бала, эрке бала ж.б.у.о. туугандар (кыргыздын толгон токой жек жааты бар го) кокус жаса басып, түрмөгө түшүп калса, дурусураак жерде олтурушсун”,- деп жол чаап жатасыңбы? Же баш мыйзамда чиновниктен чыккан уурулар курорттогудай түрмөгө олтурсун, деген берене барбы?”

https://www.facebook.com/baian.jumagulova/posts/3183044441706687

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: