Menu

Видео – Кеңешбек Токтомамбетов: “Быйыл Кыргызстандагы бардык 152 сот залдары аудио-видеожазуу системалары менен жабдылат”

Бөлүшүү:

“Кыргызстандагы сот системасы да санариптештирүүгө өтүүгө аракет жасап жатат. Азыр иш сотко келип түшкөндө ал иштер жергиликтүү соттордон тартып, Жогорку сотко чейин дароо электрондук түрдө катталат, автоматташтырылган соттук карточка түзүлөт”, – деп билдирди 4-августта КР Жогорку сотунун судьясы Кеңешбек Токтомамбетов.

“Мындан ары сот залдарында аудио жана видео жазуулар жүргүзүлөт. Азыр 72 жергиликтүү соттордо соттук отурум өтүүчү 152 зал бар, бүгүнкү күндө алардын 80ден ашык залы аудио жана видео жазуу системалары менен жабдылып бүттү. Ушул жылдын аягына чейин дагы 77 залда ушундай аудио жана видео жазуу системалары орнотулуп бүтөт. Ошону менен сот системасы аудио жана видеожазуу системалары менен толук жабдылып бүтөт. Андан тышкары соттордо видео-конференц-байланыш системалары курулуп жатат. Бул байланыш менен күбөлөрдү, жапа чеккендерди, айыпкерлерди сурак жүргүзүүгө болот, эгер алар сот болуп жаткан жерден алыс жакта турушса. Ошондой эле абакка кесилип кеткен жарандарды сотко алып келбей эле ошол олтурган жеринен эле видеобайланыш менен суракка алса боло турган система орнотулуп жатат”, – деди Токтомамбетов.

“Ал эми Кыргызстанда соттук реформа жүргүзүүнүн үч багыты ишке ашып жатат. Биринчиден мыйзамдардын базасын кеңейтүү жана жаңыртуу. Экинчиден, сот системасында иштеп жаткан кадрлардын мүмкүнчүлүктөрүн жогрулатуу. Үчүнчүдөн, сот системасынын материалдык-техникалык базасынын жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу. Мына, сот реформасы ушул үч багытта жүргүзүлүп жатат”, – деди Токтомамбетов.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: