“АЮ” компаниясынын кожоюну, олигарх “Шаки” деп элге таанылган Шаршенбек Абдыкеримовдун башына кара булут айланып жатканын көп маалымат каражаттары айтып келатат. Чындыгында Шакинин абалы күн сайын оорлоп баратат. Бул олигарх Атамбаевдин кошелёгу болуп келгени жашыруун эмес. Атамбаев резиденцияга үй куруп, досторум каржылады деп табышмактатканда, ага жардам бергендердин бири Шаки болгонун тактап чыкканбыз. Камалаардын алдында АША Москвага жеке самолёт менен учпады беле. Ал үчүн 114 миң доллар төлөгөнүн айрым маалыматтар жазып чыгышкан. 114 миң долларды 4 олигарх төлөгөнүн атайын кызмат ошондо эле аныктап коюптур. Анын бири баягы эле Шаки деп айтылууда. Кыргызстан көмүскө арак бизнесинен эле 15 млрд сомдон ашык зыян тартканын эске алсак, Атамбаевге ар дайым спонсор болуп келген Шакинин абалы оор.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ