Түркмөнстандын Лебап облусунда жергиликтүү мектепте окуган кызды жакында эле армияда кызмат өтөп келген бала зордуктаган. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын жергиликтүү укук коргоо органдарына шилтеме кылып билдиришинче, окуя 16-майда болгон.
«Лебап облусунда 9-класстын окуучусу зордукталды. Ал 16 жашта. Жабырлануучу колунда жок үй-бүлөнүн кызы экен. Атасы майып, апасы Түркияга иштегени кеткен. Аларды коңшусу карап келген», – деп билдирди басылманын жергиликтүү кабарчысы.
Анын айтымында, кылмышка шектүү 21 жаштагы бала камакка алынды. Азырынча жабырлануучу кыздын кандай абалда экендиги тууралуу маалыматтар жок.
Андан тышкары бул окуяга байланыштуу жергиликтүү мектептин директору дагы камакка алынганы кабарланууда.
«Полиция кыз окуган мектептин мугалимдерин бир нече саат суракка алды. Бардыгына бул окуя боюнча эч нерсе айтпагыла деген буйрук беришти. Мага жеткен маалыматтар боюнча мектептин директору дагы камалды», – деп билдирди «Азаттыктын» кабарчысы.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ