Президент Сооронбай Жээнбеков коррупционерлерди аябайм дегенден бери жарым жылга аяк басты. Азырынча киттер камала элек. Азыркы жүрүп жаткан иштерге абай салсак, экс-президенттин кадрларын иштен алуу, айрымдарына кылмыш ишин козгоо менен чектелип жатат. Резонанс жаратчу коррупционер камалды деген күндү коомчулук кулак түрүп күтүүдө. Президенттик шайлоонун астында айткан 35 коррупционер качан камалаары бүдөмүк бойдон калууда. Экономикалык, социалдык программаларды ишке ашырууга мезгил жетти. Бирок бир дагы программадан кабар жок. Коомчулук жарашыктуу костюм кийип, эл менен самолетко түшүп, мечитке барып намаз окугандан өлкө экономикасы өсүп кетпей турганын айтышып, реалдуу кадамдардын жасалышын, өзгөрүүнү үмүт кылып күтүшүүдө. Үмүткө суу себилбесе экен…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ