Menu

Айсулуу Тыныбекова: “Спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм”

Бөлүшүү:

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спорттук карьерасы аяктаганга чейин саясатка аттанбайт. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-августта өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.

“Урматтуу менин күйөрмандарым! Учурда жашообуз өз нугуна түшүп бара жаткандай. Мындан ары өлкөбүздө кыйын кырдаал болбошун Кудайдан тилейм!

Күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Буга байланыштуу төмөндөгү өз ниетимди билдирип койгум келди. Мен спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм! Себеби, саясат спортчунун алдына койгон максатына жетүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн. Учурда 2021-жылы боло турган Олимпиада оюндарына өз машыгууларымды баштадым. Бул Олимпиадада чоң ийгилик жаратуум керек. Ал үчүн тынымсыз машыгып жатам. Менин убактым саясатка эмес, машыгууга араң жетүүдө. Мага Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө желбиретүү өтө маанилүү. Жүрөгүмдө дайыма кыргызстандыктар жана күйөрмандарым! Баарыңыздарга ден соолук каалайм”, – деди Тыныбекова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: