АКШнын биринчи канайымы Мелания Трамп уулу менен бирге Ак үйгө расмий түрдө көчүп келишти. Дональд Трамп президент болуп шайланып, инаугурация өткөргөндөн кийин да Мелания айым Дональд экөөсүнүн 11 жаштагы уулу Барон Трамп менен Нью-Йоркто жашап кала беришкен. Президенттин жубайы Вашингтонго көчпөй жаткандыгынын себебин “уулубуз окуу жылын өз мектебинде бүтүрүп алсын дегенбиз” деп түшүндүргөн.
Бул жооп бардыгын канааттандырган эмес, көпчүлүк ММКлар Мелания Трамптын жолдошу менен бирге болгусу келбегендигин түшүндүргөн версияларын жазып чыгышты. Ага чейинки АКШнын бардык президенттеринин жубайлары инаугурациядан кийин эле дароо Ак үйгө көчүп келишчү.
Булак: “евроньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ