Бишкекте тоноочулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда журналисттерге Патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-июль күнү болжол менен саат үч жарымдар чамасында Рыскулов жана Павлов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам борбор калаанын жашоочусунун сумкасын тартып алып, качып кеткен. Жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылган.
Окуя болгон жерге Патрулдук милициясынын кызматкерлери барышкан. Окуянын бардык жагдайлары такталган соң, милиция кызматкерлери каракчыны издей башташкан.
Шектүү кылмыштын изи сууй электе колго түштү. Ал 1986-жылы туулган К.М. болуп чыкты. Аны Ленин райондук Ички иштер башкармалыгына алып барышып, бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси (“Каракчылык”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ