Таалайбек Сарыбашев Ош шаарынын мэрлигине шайланды. Анын талапкерлигин 45 депутаттын 44ү колдоп чыгышты. Ош шаарынын мэрлигине талапкер Таалайбек Сарыбашев өзүнүн программасын тааныштыруу учурунда шаардык кеңештин бир катар депутаттары үргүлөп отурушкан. Муну шайлоо учурунда тартылган сүрөттөн байкоого болот. Анда Сарыбашевдин алдында отурган алты депутаттын бешөө уйкуга кеткендей…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ