Menu

Түркмөнстан: кышкы каникулда студенттердин жеке таксилерде жүрүүсүнө тыюу салынды

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда жогорку окуу жайдын студенттери кышкы каникул маалында мамлекеттик ишканаларга таандык учактар, поезддер жана автобустар менен жүрүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу өлкөдөгү студенттердин ата-энелери билдиришти.

25-январда түркмөн ЖОЖдорунда сынактар аяктап, 12 күндүк кышкы каникул башталат.

«Студенттерге мамлекеттик ишканаларга таандык учактар, поезддер жана автобустар менен жүрүшү керектиги эскертилди. Алардын жеке таксилер менен жүрүүсүнө тыюу салынды. Каникулдан кайткандан кийин алар билеттеринин көчүрмөсүн деканатка тапшырышы керек экен», — деп билдирди ата-энелердин бири.

​ЖОЖ жетекчилиги мындай талапты жеке такси айдоочулары тараптан студент кыздарга карата ыдык көрсөтүү учурларын алдын алуу аракети менен түшүндүрүүдө.

Ошол эле маалда студенттер учактар, поезддер жана автобустар үчүн билеттер тартыш болуп жатканын билдиришүүдө.

«Учурдан пайдаланып темир жол жана авиакассалардын жумушчулары билеттердин бааларын жогорулатып жиберишти. Алар билет жок деп жатышат. Бирок тааныштар аркылуу үстүнө 50% кошуп берип алууга болот. Бирок мындай мүмкүнчүлүк бардык эле студенттерде жок», — деди студенттердин бири.

Студенттердин ата-энелери мындай чектөөлөргө нааразы болуп, балдары өз учурунда үйлөрүнө кайта албай жаткандыгына даттанышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: