Menu

Орусияда 10 миңден ашык тажик жараны түрмөдө отурат

Бөлүшүү:

Учурда Орусияда 10 миңден ашык тажик жараны түрмөлөрдө жазаларын өтөп жатат. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы Тажикстандын Москвадагы элчилигиндеги өз булагына таянуу менен билдирди.

Орусия бийлиги маалымдагандай, өлкөдө болжол менен бир миллион тажик жараны бар. 2013-жылдан тарта орусиялык басылмаларда терроризимге катыш бар тажикстандык жарандардын кармалганы тууралуу кабарлар байма-бай чыгып турат. Алардын бир бөлүгү мекенине кайтарылган, калганы Орусия түрмөлөрүндө жазаларын өтөп жатат.

Өткөн аптада Москванын аскердик соту Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген 11 жаранды 6 жылдан 18 жылга чейин соттогон. Аларга “Ислам мамлекети” террордук тобуна мүчө болгон деген айып тагылган. Соттолгондор 2016-жылы Москва жана Санкт-Петербургдагы операциялар учурунда кармалышкан.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги сот жараянына чакырылган эмес.

Учурда Орусия Интерпол аркылуу Тажикстандын 30 жаранына издөө жарыялаган. Алырдын көбү терроризмге шектелүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: