Menu

Өзбекстанда нан азыктарын өндүргөн ишкана жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты

Бөлүшүү:

Өзбекстанда нан азыктарын өндүргөн «Асака дон махсулотлари» ишканасынын жүздөн ашык жумушчусу өткөн жылдан бери ала элек айлыктарын талап кылып, нааразылык акциясына чыгышты.

Ишкана жумушчуларынын бири Феруз Мамажановдун айтымында, чогулгандар эмгек акысынан тышкары айлыктарды жогорулатууну дагы талап кылышты.

«Жумушчуларга декабрдын айлыгы бериле элек. Алардын дээрлик 85 пайызынын насыялары бар. Аларга күн сайын банктан чалып жатышат. Айлыктарыбыз дагы көптөн бери жогорулатыла элек», — деди ал.

«Асака дон махсулотлари» ишканасынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлүнүн айтымында, айлыкты көбөйтүү тууралуу жүздөн ашык кишинин кыйкыруусунан улам жетекчилик милиция чакырууга аргасыз болгон. «Бизге башкы эсепчи менен инженер чыгып, жакынкы күндөрү айлык берилерин айткандан кийин тарап кеттик», — деп кошумчалады ал.

Ишкананын күзөт кызматынын башчысы Баходир Касымов жумушчулар нааразылык акциясына чыккандыгы тууралуу маалыматты ырастады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: