Menu

“Ак-Кеме” акыры сатыкка түштү

Бөлүшүү:

1992-жылы курулушу башталып, 1999-жылдан бери мейманкананы курган түркиялык компания менен кыргызстандык ишкер Руслан Сарымсаковдун ортосунда талашка түшүп келе жаткан “Ак-Кеме” мейманканасы 11-октябрда ачык сатыкка коюла турган болду. Баштапкы баасы  бир миллиардга бир аз жетпеген мейманкана КРнын Каржы министрлигинин арызын сот канааттандыргандан кийин сатылганы калды. Себеби мейманкананы талашып жаткан түркиялыктар 2009-жылы “жеке менчигибизди басып алды” деген доо менен 2009-жылы Женева сотуна кайрылышып, ал сот Кыргызстандын өкмөтүн түркиялык компанияга 11 млн. АКШ долларын төлөп берүүнү милдеттендирген болчу. Бирок Кыргызстан бул каражатты төлөбөгөн соң, алар Онтарио шаардык сотунун чечими менен КРнын “Центерра голд.инк” компаниясындагы акциясын камакка алдырган. Кыскасы ушундай кысымдардан кийин Каржы министрлиги “Ак-Кеме” мейманканасынын ээлерин бюджетке зыян келтирди деп Бишкек шаардык сотуна кайрылышып, сот министрликтин пайдасына чечкен болчу. Эми маселе ушуну менен бүтөбү же мейманкана ээлери дагы соттошуп жүрө береби белгисиз…

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: