Menu

Кыргызстандын Кореядагы элчилиги Сеул шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган эл аралык фестивалга катышты

Бөлүшүү:

31-август жана 1-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Сеул шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган эл аралык “Seoul Friendship Festival 2019” фестивалына активдүү катышты. Бул тууралуу аталган элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Элчилиги Түштүк Кореяда жашаган активисттер менен биргеликте ɵзʏнʏн катышуусун Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏк кʏнʏнɵ арнап Сеул шаарынын борбордук аянтына кыргыздын Боз ʏйʏн орнотту.

«Кырхан», «Биримдик», «Kyrgyz Global», «Ай-Пери» бий тобу жана башка кыргызстандык мекендештер менен биргеликте бир топ иш чаралар ɵткɵрүлдү жана алар Кыргызстанды жана кыргыз маданиятын даназалоого арналды.

Боз үйдɵ Түштүк Кореянын жана башка мамлекеттердин жарандарына улуттук тамак аш сунушталып, бал жана варенье менен чай берилди. Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктɵрү боюнча буклеттер таратылып, органикалык продукция сунушталды. Боз үйдүн ичинде кыргызстандыктар Боз үй, кыргыз элинин салт-санаасы, маданияты жɵнүндɵ маалыматтарды айтып турушту. Боз үйдɵн башка эки павильондо
диаспоранын күчү менен кɵргɵзмɵ уюштурулуп, улуттук суусундуктардын, тамак аштардын, экологиялык таза продукциянын жана сувенирлердин сатылышы болду.

«Ай-Пери» тобу Сеул шаарынын тургундарына жана конокторуна музыкалык жана бий номерлерин, аккордеондун коштоосу менен кыргыз ырларын тартуулашып жана ошондой эле Манас эпосунан үзүндү айтышты. Боз үй ɵзүнүн жасалгалары, Манас эпосунун үзүндүсү, кыргыз музыкасы жана бийлери чет ɵлкɵлүк жарандардын жана Сеул шаарынын жашоочуларынын ɵзгɵчɵ кызыгуусун жаратканын сыймыктануу менен белгилɵɵ зарыл. Биринчи жана экинчи күнү дагы Боз үйгɵ кирип, таанышып,  улуттук тамак аштан даам татуучулардын саны кɵбɵйүп, ɵзгɵчɵ кезек түзүлдү.

Элчилик 2019 жылдын 31 августунда Боз үйдɵ майрамдык дасторконго мекендештерди чакырды жана ал жерде Элчи Динара Кемелова куттуктоо сɵз сүйлɵдү. Тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүн майрамдоонун зарылдыгын белгилеп, чет элдеги мекендештердин жетишкендиктерин атап, алардын биздин мамлекеттин ɵнүгүшүнɵ кошуп жаткан салымдары үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары Элчи 2019 жылдын маанилуу окуяларына токтолду жана алардын катарына мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы, Тышкы иштер Министрлигинин 75 жылдыгы кирерин айтты. Ошондой эле Боз үйдɵ улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына, коомдук ишмер БатыралыСыдыковдун элесине  арналып ɵзгɵчɵ аянтча уюштурулду.

Элчилик Кыргызстан жɵнүндɵгү презентацияны Түштүк Кореяда даярдап жана ɵткɵрүүгɵ активдүү катышып жана кошкон салымдары үчүн мекендештерге терен ыраазычылык билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: