Коомчулук бийликтин ар кандай административдик ресурсту колдонуусуна каршы өз пикирин билдируүдө. Өткөн ишемби күнү “Акыйкат шайлоо үчүн” деп аталган административдик ресурска каршы акциясынын катышуучулары Бишкектин Ахунбаев-Алмата көчөсүндөгү “24-март” скверине чогулушту. Иш-чара бир нече жарандык лидерлердин жана коомдук уюмдардын демилгеси менен уюштурулуп жатканын парламент депутаты Жанар Акаев билдирди. Уюштуруучулар алгач “Акыйкат шайлоо үчүн” деген тынчтык жүрүш өткөрүп, Түштүк дарбазадан “24-март” скверине чейин жөө басууну максат кылышкан. Өткөн аптада Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен бул күнү жөө жүрүш уюштурууга тыюу салынып, бирок акцияны Ботаникалык бакта өткөрүүгө уруксат берилген. Акцияга Болот Шер, Нарын Айып, Эдил Байсалов, Жанар Акаев, Мавлян Аскарбеков, Ренат Самудинов сыяктуу Кыргызстандагы бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер келишти. Уюштуруучулар өлкө келечегине кайдыгер карабай, “президенттик шайлоо акыйкат өтсүн” деген талап коюшту. Ошондой эле административдик ресурс колдонулушуна караманча каршы экенин билдиришүүдө. Катышуучулар “Администрациялык ресурска жол жок!”, “Зилалиевдер жоопко тартылсын! ”, “ Элибиздин тандоосун сыйла, бийлик!”, “Бийлик булагы – эл!” деген жазууларды кармап турушту. Бул митингге дем алыш күн экендигине карабай эки миңден ашык эл катышкандыгы эле алардын бийликке нааразы экендигин билдирип турат.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ