Бүгүн түндө 45 жашында пневмониядан улам көз жумган дин аалымы Чубак ажы Жалиловду экс-депутат Камчыбек Ташиев эскерип, Facebook баракчасына төмөндөгүдөй пост жарыялады.
“Чубак Ажы аалымдын бул дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу аза кайгыруу көңүл айтамын!
Чубак Ажыке менин үкөм эле, бирок атамдай көрчү элем, менден жашы кичине эле, бирок аска зоом эле, жөнөкөй эле адам эле, бирок кол жеткис аалам эле…. Эхх керемет, арман, жалган дүйнө…
Мечит салып жатканбыз, Чубак Ажыке келип биринчи фундаментине үч күрөк бетон таштап берди эле, эми ошол мечитибиздин атын «Аалым Чубак Ажы» атындагы мечит деп атайбыз!
Укам, Чубак Ажыке, сиз бул дүйнөдөн өттүңүз,бирок эми сиздин легендага айланган өмүрүңүз башталат!
Ушундай уулду тапкан Кыргыз элиме таазим!!!
Көтөр башты улутташым, кандашым! Кыргыз атын дүнүйөгө тааныткан Чубак Ажы кетти бизди таштап, мүңкүрөбө кыргызым, мүнкүрөбө, Аллахым бейишин берсин!!!” – деп жазды Камчыбек Ташиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ