Menu

Видео – Өмүрбек Бабанов президент Сооронбай Жээнбековго уулу үчүн ыраазычылыгын билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ЖРТнын жыйынтыктары боюнча 66 бүтүрүүчүгө “Алтын сертификаттарды” тапшырган. Анын ичинде президенттик шайлоодогу Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы, азыр кылмыш иши ачылып, бозгунда жүргөн Өмүрбек Бабановдун баласы Нурэмир Бабанов да бар болучу. Буга байланыштуу Өмүрбек Бабанов ага Бишкектен жакындары тарабынан жөнөтүлгөн, Президент Сооронбай Жээнбеков Нурэмирге сертификат тапшырып жаткан учурду камтыган  видеотасманы фейсбуктагы өз баракчасына жарыялап: “Баламдын ийгилиги менен куттуктап, жакшы каалоо айтканыңызга терең ыраазымын!” деп Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирди.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: