Menu

“Россия 1” Орусия атайын күчтөрүнүн Сириядагы ишин көрсөттү

Бөлүшүү:

“Россия 1” телеканалы Орусиялык күчтөрдүн Сириядагы атайын операцияларынан репортаж көрсөттү. Телеканалдын сайтында жайгаштырылган материалда Сириядагы атайын бөлүктөрдүн бутасы – радикалдуу топтордун лидерлери жана террорчу-жанкечтилер экени айтылат.

Атайын бөлүктүн командири көзгө атарлар суткалап жихадчылардын позицияларына байкоо салып турарын айткан.

8-декабрда”Известия” жана “Коммерсант” өз булактарына таянып, “чечен спецназдары” (“Чыгыш” жана “Батыш” батальондорунун жоокерлери) орусиялык аскерлер жана авиация жайгашкан Сириянын Хмеймим авиабазасын кайтарууга жөнөтүлгөнүн кабарлашкан.

Орусия бийлиги буга чейин атайын бөлүктөр Сириянын аймагында өзгөчө тапшырма аткарып жүрүшкөнүн моюнга алган эмес. Алар абадан чабуул жасап, сириялык аскер кызматкерлерин окутуп, орусиялык аскер базаларын кайтарып, аскер учкучтарын издөө жана куткаруу иштери менен алектенишерин гана айтып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: