Menu

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн уйку качтыбы? Атамбаев чындап жинденсе Текебаевди деле каматып салгандан кайра тартпайт

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта Кадыржан Батыровду качыргандарды, мародерчулукту жана банк уячасын тоногондорду айтып, бул иштер жакында ачыла турганын билдирген. Мамлекет башчы жөн салды сүйлөбөйт да, алдын ала пландалган иш-аракетин билдирет. Ал айтылган сөздү буйрук катары да кабыл алсак болот.

Мына ошондон көп өтпөй эле күч органдары 7-апрелден кийинки талап-тоноочулукту изилдей башташыптыр. Аныгында, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кыймыл-аракеттерин текшерүү кандай жыйынтык берет? Жамандыктын жышаанын сезгенби, айтор, Роза Отунбаева аз күн мурун Европа өлкөлөрүнө аттанып кеткенин “Kyrgyztoday.kg” сайты жазды. Эдил Байсалов болсо эки күн мурун Алматыга жөнөп кетти. (Кетип баратканда көздөрү алаңдап, коркунуч бар экени байкалып турду, качан келээри белгисиз.) Ал эми президенттин башкы душманына айланган Өмүрбек Текебаевдин мародерчулукка шектелген жан-жөөкөрлөрү аз күндө суракка чакырылаары, убагында артынан ээрчигендер “убойный цехке” жакындап калганы каңкууланууда. Кыялы чатак Атамбаев чындап жинденсе Текебаевди деле каматып салгандан кайра тартпайт. Төңкөрүштөн кийин Кеңешбек Дүйшөбаев менен Эмилбек Каптагаевдин туугандарына “Витяз” пансионаты катталганын бийликчил “Эгемен” сайты жазып чыкты. Булар боюнча маселе көтөрүлөрү, ошого катар Дүйшөбаев мас абалында бир адамды коюп өлтүргөнүн, ошонун айынан УКМКдан кеткенин аталган сайт коомчулукка эскертти. Банк уячаларындагы миллиондордун уурдалганы эл ичине чоң резонанс жаратчудай. Бу жагынан стрелка Темир Сариевге, Азимбек Бекназаровго тушталып атканын билесиңер да. Болот Шер болсо, талап-тоноочулуктан сырткары Атамбаевди маскаралаган сөзү үчүн сот алдында жооп берери, аягы кылмыш ишине айланаары болжонууда.

Ток этери, Курман айттан кийин Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө карата кылмыш иштери активдешери, күзгү сезондун көркү чыгаары бышыкталып калгандай. №1 резиденциядан команда кетсе бүттү, Сталиндин… тоюс Атамбаевдин колу шилтенди дегиче “бөрк ал десе баш алган” орган кызматкерлери шакылдата эле камай баштайт. А бирок мындай көрүнүштүн аягы эмнеге алпарат? Негизи Алмазбек Шаршенович кандай ачуулуу болсо, ошого жараша ак көңүлдүгү, айкөлдүгү да бар. Бүркөлүп турган күн жарк ачылгандай эле мүнөзү өзгөрүп, өзү айтмакчы, бир ууч “бузуку-кузгундардын” тагдырын кандайча чечет? Же кечирип коебу? Ай ким билет, кантсе да эки жээк бири-бирине кек, ичтерине кара сактап калышты. Кайсы бир күнү баары бир өч алышуу ыңгайы келип, кыл чайнашары ажеп эмес го…

Замир Эдилбеков

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: