31-октябрдан 2-ноябрга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жааган жамгыр карга айланат. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” билдирди.
Ал эми Бишкек шаарында 31-октябрь күнү жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы күндүзү 15 градуска чейин жылуу болот. 1-2-ноябрь күндөрү жааган жамгыр карга айланат.
3-6-ноябрда абанын түнкү температурасы 10 градуска чейин төмөндөйт.
Бул күндөру тоолуу райондордогу жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт. Мындай аба ырайы жолдордогу транспорттун жүрүшүн кыйындатат. Андыктан, адистер, алыскы сапарга чыгаарда, автомашиналардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну айдоочуларга эскертишет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ