Билим берүү жана илим министрлиги Европа Бирлигинин колдоосу менен “Мугалим” кесибинин кадыр-баркын жогорулатууну, педагогикалык кадрларды даярдоону, ошондой эле республикадагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган материалдарды чагылдырган массалык маалымат каражаттарынын жана интернет басылмалардын ошондой эле автордук жамааттардын арасында сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлады.
Материалдар мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрларынын ишин; окуу процессинде инновациялык ыкмаларды колдонуу, инклюзивдик мамилени жана заманбап IT-технологияларды колдонуу; ошондой эле жалпысынан билим берүүнүн сапатын жогорулатууга карата көрүлгөн чараларды чагылдырышы мүмкүн.
Сынактык иштер 2019-жылдын 11-январында 17:00 чейин кабыл алынат.
Мыкты иштердин авторлору 10, 20 жана 30, миң сомго жабдууларды алуу үчүн сертификаттарга ээ болушат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ