МИМдин кызматкерлери 47 жаштагы Тажикстан Республикасынын жаранын Ош облусунун аймагынан жанына 5 килограммга жакын опийим баңгизатын алып жүргөн жеринен кармашкан. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 4-сентябрында милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Ош облусунун Ноокат районунун аймагында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 47 жаштагы Тажикстан Республикасынын жараны кармалган. Текшерүү учурунда кутуга салынган баңгизаты табылып, экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, алынган заттын жалпы салмагы 5 килограммды түзүп, опийим баңгизаты экендиги аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесине (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ