Сапар Исаков мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаковду кабыл алып, “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кайра дайындоо тапшырмасын берди. Премьер-министр директорлор кеңешинин курамына бул тармакты түшүнгөн кесипкөй кадрларды мүчө кылуу талабын койду. Анткени бул тармактагы болуп жаткан чарбалык финансылык иштер ачык-айкын болбой жатканын белгиледи. Андан тышкары азыркы жетекчилигинин да кызмат ордун карап чыгуусун, акыркы убактарда калкты жогорку ылдамдыктагы интернет кызмат менен камсыз кылуу маселеси кечеңдеп жатканын, кетирген кемчиликтери боюнча териштирип чыгышы керектигин баса белгиледи. Чындыгында телекоммуникация тармагы тиешелүү деңгээлде өнүкмөйүн “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу мүмкүн эместигин, бул ишти ордунан жылдыруу үчүн кесипкөй адистер ишке алыныш керектигин айтып, талапты катуу койду. Исаковдун мындай эт эмес же чел эмес кадрларга ичи чыкпай жатканына караганда, жакында директорлор кеңеши менен “Кыргызтелекомдун” да жетекчилиги алмашылабы?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ