Чаласабат, жөндөмү жок, алысты көралбаган Космосбек Чолпонбаев Саламаттыкты сактоо министрлигине келгенден бери ак халатчандардын арасын интрига аралап, чыр көбөйдү. Эгер өкмөт жетекчиси жакын арада тийиштүү жыйынтыкты чыгарып, тийиштүү чара көрбөсө, абал мындан оорлой турганын аяк салууда. Анткени, адилетсиз башкаруу менен туура эмес реформанын натыйжасында нааразылык кокого чейин жетиптир. Анын бир чекеси жакында жарылып, дарыгерлер митингге чыкты. Буга чейин ден соолук сакчыларынын көчөгө чыкканын көргөн эмеспиз. Бул начар иштин көрсөткүчү. Ызгаар суукта плакат көтөргөн дарыгерлер үй-бүлөлүк медицина борборлорун оптимизациялоо маселесине нааразылык билдирип, терапевт, педиатр, гинеколог же башка медициналык кесипке ээ болгон адистерди үй-бүлөлүк дарыгерликке окутууга каршы пикирин айтып, кыска мөөнөттө буга үйрөнүү кыйын болорун, тиешелүү эмес дарыгерлер карыларды жана балдарды карашы мүмкүн эмес экенин ачыкка чыгарды. Ошону менен бирге акцияга чыккан дарыгерлер маяналар министрлик убада кылгандай көбөйбөй жатканын, айлык төлөөдөгү упай системасы туура эмес киргизилгенин баса белгилешти. Бул факт министр Космосбектин начар иштегенин тастыктап койду.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ