Menu

“Фейсбуктун” башчысы Марк Цукерберг Европарламентте сөз сүйлөдү

Бөлүшүү:

2-майда “Фейсбуктун” башчысы Цукерберг Европарламентте сөз сүйлөдү.

Депутаттар менен жолугушуу Cambridge Analytica фирмасы аркылуу социалдык түйүндүн миллиондогон колдонуучуларынын жеке маалыматтары чыгып кетишине арналды. Шайлоочулардын тандоосун иликтеген бул компания ал маалыматтарды 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоо учурунда колдонгон.

Цукербергге “Фейсбуктун” социалдык тармактар базарындагы монополиясы, өздүк маалыматтарды америкалык жана европалык мыйзам базасы боюнча коргоо маселелери, ой-пикирин эркин айтуу укугу жана соцтармактын бир колдонуучусунун экинчи кишинин үстүнөн аша чаап кетиши сыяктуу темаларда суроолор берилди.

Марк Цукерберг буга чейин АКШнын Сенаты менен Эл өкүлдөр палатасында чыгып сөз сүйлөп, компаниясы жеке маалыматтарды уурдатып жибергенин моюнга алган. Европарламентте да ошондой мааниде кеп кылып, анын командасы жагдайды жөнгө салуунун үстүндө иштеп жатканын айтты.

Европарламенттеги жолугушуу маалында “Фейсбук” компаниясынын акциялары бираз төмөндөп кеткени байкалды.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: