Menu

Мавлян Аскарбеков: Коррупция менен күрөш – элди алаксытуу, майда кызматкерлерди камоо, Жогорку Кеңеште акыйнек айтышуу менен жүрүүдө

Бөлүшүү:

-Мавлян мырза, Икрам Илмияновдун эки кызы Нью-Йорктогу кымбат баадагы жеке мектепте окуп атканы боюнча интернетте талкуу болууда. Бул жагынан сиз кандай үн кошот элеңиз?

– «Элде болсун, эл ичинде менде болсун» деген накыл кеп бар. Ж.Абдырахманов, И.Арабаев, А.Сыдыковдор байлык, мансап чогултушкан эмес, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, мамлекетти түптөп, элди сактап, бизге келечек куруп кетишти. Акаев, Бакиев, Атамбаевдер үй-бүлөсү менен элди, мамлекетти тоноп, мультимиллионерге айланып, бири өз өлкөсүнөн безип, башкасы жашынып жүрүшөт 1,5 миллион карапайым элдин балдары чет өлкөлөргө өздөрүн, үй-бүлөсүн багайын деп чыгып кетишти. Ал эми биздин экс-президенттердин, депутат, министрлердин балдары аталары уурдаган арам акчага тайраңдап, шапар тээп жүрүшөт. Кор болгон, сабалып майып болгон, миндеп өлүп келип жаткандардын убалы мына ушуларга, балдарына тийет. Илмияновдун арам акча менен баккан балдары деле жыргап кетпейт. Дача-СУга учак кулап, 40 адам өлүп кетти, Москвада кыргыздын тирүүлөй секелек 17 кызы күйүп кетти, күнүгө сабалып, өлүп жаткан кыргыздын карапайым жаштары үчүн жооп берер убакыт келет.

– Саясый куугунтуктун «атасын тааныткан» Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеванын мурдагы ишмердиктерине баа берилбей эле көңүл сыртында калабы, кандай дейсиз?

– Сегизбаев менен Жолдубаева улупук коопсуздукка, эгемендигибизге шек келтирип, массалык өлүмдү жашырып, коррупция, бандитизм, бийлик узурпациясына жол ачышты. Атамбаев аркылуу Жээнбеков менен сүйлөшүп, же «кландык туугандары менен маселебизди чечип алабыз, оңой кутулабыз» дешсе терең жанылышат. Конституцияга өзгөрүү кирип, коррупцияга катышы бар кызматкерлер мөөнөтсүз жазага тартыларын эскерте кетейин. Мыйзам чегиңде жооптон качып кутулса да, элдин заарынан, кордолгондордун тууган, балдарынын өчүнөн качып кутула алышпайт. Бир күнү болбосо, башка күнү, кан үчүн, кордук үчүн жооп бере турган учур келет. Убактылуу качып кутулбаса, Кыргызстанда эркин жүрүү булар үчүн кооптуу.

– Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бүгүнкү күндө күч органдары чабалдык кылып аткан жокпу?

– Коррупция менен күрөш элди алаксытуу, майда-барат кызматкерлерди камоо, Жогорку Кеңеште акыйнек айтышуу менен жүрүүдө. Жаңы башкы прокурор, УКМК төрагасы, ички иштер министри кызматка келишин эл күтүп, үмүттөнүп, аёосуз камоолор, уурдалган мүлктөрдүн конфискациялоосун эңсеп турган. Анын ордуна прокурорлор өз кабинетинде 100 миң доллар пара алып жатканын, соттор каалагандай чечим чыгарып, элден акча алганын, баягы Акаев, Бакиев, Атамбаев убагындагы ууру, коррупционер, үй-бүлөсү менен сот системасын менчиктештирип алгандарды көрүп жатабыз. Сотто өмүр бою Жаңыл Мамбеталиева баласы менен, Оморова кызы менен жана башкалары иштеп жатканын билебиз. Бул жана башка фактылар президентке жетип, эл кыжырын кайнатып жатса да, чара көрүлбөй келет. «Сот реформасын жасайм» деп Акаев, Бакиев, Атамбаев элди алдап, сооротуп келишкен, бул ирет эл алданбайт. Прокурор, сот, милициядагы коррупция жетээр чегине жетти, же президент чара көрөт, же эл аларды жок кылат.

– Мурдагы бийликтин тушунда саясый куугунтукка кабылган ондогон саясатчылардын тагдыры оң жакка чечилеби? Жаңы бийликтин келгенине жарым жылдай убакыт өттү. Эч кандай өзгөрүү байкалбайт го?..

– Кечээ Салянова боюнча чечимден кийин Жээнбековго карата биринчи нааразычылыктар айтыла баштады. Коопсуздук кеңешинде Жээнбековдун айткан сөздөрү элге үмүт берген эле, тилекке каршы, эски, ууру, коррупциялашкан соттор эски бийликтин буйругун аткарып, жаңы бийликти элге тукуруп жатат. Азыркы соттордун басымдуу бөлүгүн Атамбаев коюп, Арапбаев деген неме башкарчу, бирок карапайым эл үчүн сурак жаңы бийликтен болот, жаңы бийлик жооптуу. Президенттик- бул чоң жоопкерчилик, «алты жыл тынч отуруп кетем» деген жаңылыштык. «Саясатчыларды мен камаган жокмун, Атамбаев менен чечишип алсын» деген – алсыздык. Мамлекетке, элге, саясый абалга толугу менен президент сиз, Жээнбеков жооптуусуз. Бүгүн эл, биз жаштар, сизди колдоп, оппозиция аңдып турган учурда чечкиндүү кадамдарга барып, саясый аренаны тазалап, реформаларды баштооңуз зарыл. Кечирим сурап, бир кадам артка таштаса, эргип, майда-барат ишке, кошоматчыларга алаксып, күздө, же келерки жазда чоң кармашууга даярдык көрүлүп жатканын эстен чыгарбаңыз.

Сурат Жылкичиев

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: