“8-март күнү биздин Курманжан Датка энебиздин арбагын булгап коюшту, биз бүгүн куран окутуп, эстеликти тазалатып жатабыз. Кыз деген бул аруу, аруу тилек, таза үмүт, тазалык, ошол тазалык менен жууп, арбакка куран окуп койдук”, – деп билдирди бүгүн, 11-мартта Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин алдында экс-депутат Жылдыз Жолдошова 8-мартта өткөн гейпарадга каршы өтүп жаткан акцияда.
“Мен 8-марттагы гейпарад боюнча Генпрокуратурага, УКМКага кайрылдым, алар бул гейпараддын уюштуруучуларын жана кимге каршы багытталганын такташы керек… Биздин президент 5 маал намаз окуган, таза жана түз жүргөн киши… Мен ачык эле айтып коюшум керек, эркек менен эркек баш кошсо, аял менен аял баш кошсо, алардан тукум калабы? Кыргыздын тукуму эмне болот? Ким бала төрөйт, ким кыргыздын тукумун, учугун улайт. Кыргызстандын келечеги кыргыздын кыздарында”, – деди Жылдыз Жолдошова.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ