Menu

Жакынкы күндөрү кыргыз спортчулары катыша турган маанилүү беттештер

Бөлүшүү:

21-29 ноябрь. Жаа менен атуу боюнча Азия чемпионаты. Бангкок (Таиланд). Бул мелдеште жеңүүчүлөр 2020-жылдагы Олимпиада оюндарына жолдомо алышмакчы.

23-ноябрь – 1-декабрь. Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионаты. Анталья (Түркия).

Бул бир айда болгон экинчи дүйнө чемпионаты. Мурункусу Босния менен Герцеговинада өткөн, анда медалдар «лайт контакт», «лоу кик» жана «К1» түрү боюнча ойнотулган. Кыргызстан алтын менен коло медалга жеткен. Бу жолку чемпионатта «фулл-контакт», «поинтфайтинг», «кик-лайт» жана «музыкалык формалар» түрлөрү боюнча болот.

25-ноябрь. Футбол боюнча  кыз-келиндер арасында (23 жашка чейин) эл аралык мелдеш, үчүнчү тур. Душанбе (Таджикистан). Кыргызстана — Иран. Ирандык кыздар алдыңкы курамдардын бири. Кыргыз кыздар утса, алтын медалга жакындап барат.

26-ноябрь. Футбол боюнча  кыз-келиндер арасында (23 жашка чейин) эл аралык мелдеш, төртүнчү тур. Ооганстан-Кыргызстан. Биздин кыздар утканга чоң мүмкүнчүлүк бар.

26-28-ноябрь. Кур күрөш боюнча Азия биринчилиги. Нур-Султан (Казахстан). Кыргыз балбандары быйыл жакшы келе жатат. Дүйнөлүк чемпионатта жаштар жана чоң кишилер арасында далай медалга ээ болушту. Эми балбандарыбыз континенталдык деңгээлде өздөрүн көрсөтө алышмакчы.

27-28-ноябрь. Кыргыз күрөш боюнча Азия чемпионаты. Бишкек. Бул улуттук спорт түрү чет элде кеңери жайылып келет. Ушундай деңгээлдеги таймаштын уюштурулушу эле – буга далил.

28-ноябрь. Футбол боюнча  кыз-келиндер арасында (23 жашка чейин) эл аралык мелдеш, бешинчи тур. Душанбе (Таджикистан). Кыргызстан – Түркмөнстан. Бул мелдештин акыркы оюну.

1-декабрь. Үстөл тенниси боюнча Кыргызстан чемпионаты, 10-тур. Бишкек. Акыркы беттештер. Мурунку оюндардын көпчүлүгүн Михаил Белоглазов уткан эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: