Menu

Эрнис Кыязов, журналист: “Сооронбай Шарипович, көз карашыңызды, позицияңызды ачык билдирип, эч бир тарапка жан тартпаган калыс сөзүңүздү айтууңуз керек”

Бөлүшүү:

“Азаттык” радиосунун «Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо» аттуу журналисттик иликтөөсү учурда социалдык тармактарда катуу сынга алынып, ар ким өз пикирин жазууда. Ал боюнча кечээ, 23-ноябрда журналист, 5-каналдын жетекчиси Эрнис Кыязов “Арыба, “Азаттык” деген тема менен “Фейсбуктагы” баракчасына пост калтырган. Бүгүн болсо “Америка элине рахмат!” жана “Эркин сөз” аталыш менен төмөндөгүдөй пост калтырды.

“...Жоголсун Раим миллион!” деген поездге мурда окопто оңтойлуу учурун күтө, кылтыйып жаткан итпай-чотпайдын баары шып-шып этип билинбей секирип түшүп алышты. “ТЭЦти эч ким тоногон жок, биз аппакпыз!”, – деп азыр камакта олтурган бир нече үлкөндөрдүн тарапташтары, “Музейди уурдаганым жок, мен тазамын!”, -деген Сапар Исаковдун тарапташтары, “Максимдин жерин эч кимге падартеткеним жок, Манас аэропортунда иштеп турганда эчтеке жегеним жок, кана далилиңер?!”,- деп соттон сотко аксынып аткан Албек Ибраимовдун тарапташтары, “Таптаза иштеп атканыма карабай күнөөлөп атышат”, – деп абакта сот процесси болгон сайын какшаган Кулматовдун тарапташтары, “Белиз-Гейттин” шылтоосу менен Текебаевди каматып, бирок, Текебаев абактан чыгып келгенден бери мыш болуп жүргөн Абдил Сегизбаевдин тарапташтары, Кой-Ташта кокуйлаткан бойдон Атамбаевди колдон жулдуруп ийип ызага уугуп, “Шашпа, силердиби!”,- деп кекенип калган экс-ажонун бүт тарапташтары, айтор, кезинде “Азаттыкты” Атамбаев сотко карай сүйрөгөндө унчугуп койбогон тараптардын баары кечээги “Азаттыктын” иликтөөсүнө учкашып, чиркешип “Азаттыктан” колуңду тарт!”,- дешип бакырышууда…

Чын пейилден, чын жүрөктөн: “өлкөдө уурулар, жегичтер, тоногучтар болбосун, Раими болобу, ага кошо аралашкан кимиси болбосун жоголсун!”,- деп күйүп-түтөп “Азаттыктын” иликтөөсүнө дем берип жаткан таза катмардын жөнү, албетте, башка. Коррупцияга каршы күрөшүү максатында чын жүрөктөн булгалаган байрактарды кармаган ак пейил адамдардын артынан калп эле кошо күйүмүш болгон, колдомуш эткен караандар болсо реванштык отту улам дуулдата үйлөп, ошол өрт чо-оң болуп жалындаса экен деп тилешүүдө. Бешинчи каналды Раимге байлашып, “Азаттыктын” иликтөөсүнө карата менин сынымды аңтар-теңтер кылышып, ажыдаардын башын кыя чапмакчы болуп жаткан Али Токтакуновго кайдагы бир Эрнис Кыязов тоскоол болуп ажыдаарды коргоп атат”,- деген сүрөттү соцтармактарда тартып бүтүп коюшту.

“Азаттыктын” өзүндөгү журналисттер да, Бешинчи каналда Матраимов темасын эң көп козгогон экс-азаттыкчылар да тээ көңүлүнүн түп жагында элди жеп, тоноп бирок бийлик алмашкан сайын терисин алмаштырган коррупционерлерге каршы экенин, бул күрөштө ой-санаасы бир экенин сезишет, моюндашат. Бирок эки медианын чыгармачыл атаандаштыгын, көз караштардын атаандаштыгын таптакыр башка нукка бурмалаган тараптар күчөгөндөн күчөөдө.

“Азаттыктын” иликтөөсүнүн айланасында жеке субъективизмдердин, жеке эмоциялардын, ачуулануулардын, сөгүп-какмайлардын туманы тарайт, ылайланган суу тунуйт, ага чейин ар кыл маалымат каражаттарында көптөгөн маалыматтар, божомолдор, анализдер жарыяланып, элдин кулагы түркүн информацияга ар тараптан каныгат. Парламенттеги депутаттык комиссия бажыканадагы шектүү миллиондор боюнча үн катат. А. Атамбаев менен С. Жээнбековдун, “Азаттык” менен Бешинчи каналдын кабак-кашына карабаган, “кимди таарынтып алам, кимден корком..” деп Кыргызстандагы эч бир тараптан кылчактабаган Түркия полициясы да Саймаитинин өлүмү, анын мурунку-кийинки ишмердигиндеги кылмыштуу издер кимдер менен байланышы бар экени тууралуу көз карандысыз иликтөөсүн жарыялаар… Күтө туралы.

Ал ал боло турсун, ушундай кырдаалда, жаран катары, журналист катары менин президент СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВГО түз суроом бар. “…Атамбаев тигинтпегенде жыргал заман куруп коет элек, баарын ошол былгытып кетиптир да таңгөрү…болбосо кыйратат элек..”,- деген байрак азыркы бийликке шылтоо болуп бере албайт. Атамбаевдин тиешеси жок жасап салчу нерселер бар: мисалы, сот реформасы, кадрдык реформа, экономикалык жактан Ли Куан Юудай боло албаса да “минтем, антем” деген реалдуу пландарынын кур дегенде чет-четин көрсөтүү, ууруну коркпой ууру деп далилдеп камоо маселелери. Ар кайсы бийликтин тушунда бийликтин тилин таап, көз ымдашып, чырмалышып алып, анан күргүштөтүп ары-бери акча ташыган мафиядагы эки уйгур бирбири менен урушуп кетип, алардын бирөөсү: “Азаттыкка” чуркап барып “биз иштеген системада момундай-тигиндей уурулуктар бар”, деп айтып бергенде гана:Кокуй коррупция каптап кеткен турбайбы”,- деген кокуй-күрөштү эки уйгурдун деңгээлине байлабай, коррупциялык чырмоокту жулуп салуу иши МАМЛЕКЕТТИК деңгээлде УКМК, ИИМ, Каржы полициясы деген тармактарда айлык алып иштеп жүргөн азаматтардын деңгээлинде системдүү жүргүзүлчү күрөш болушу керек эле.

“Азаттыкпы” же Бешинчи каналбы А. Атамбаевдин да тиги шектүү уйгурлар менен болгон аласа-береселерин ар тараптан иликтеп, чукуп, “былыгы мобу жерде экен” деп ачып берген чакта деле чирип бүтүп калган түбү көңдөй жемкор система заматта көздөн кайым болуп жыргал заман орноп калбайт, албетте! Бирок, бүтүндөй коом, бүтүндөй медиа Матраимов темасынын айынан сай-сайга бөлүнүп, жаатташып бараткан азыркыдай кезеңде, суроолуу жиптин учу ийри-буйру жолдор менен барып акыры сиз тарапка такалып жаткан арабөк кырдаалда:

Сиз, урматтуу президент Сооронбай Шарипович, инсандык, журт башчылык көз карашыңызды, позицияңызды ачык билдирип, эч бир тарапка жан тартпаган калыс, орток сөзүңүздү айтууңуз керек го деп эсептейм. Президенттик мөөнөтүңүздүн мындан аркы саналуу жылдар ичинде Сингапур же Малайзияга айланып кете алабызбы жокпу, аны айта албайм. Бирок сизде өкмөттөгү, парламенттеги, жогорку бийлик эшалонундагы эл ырыскысын жеген жегичтерди, тоногучтарды “өз же жат” деп ылгабай кескин күрөш жүргүзүү мүмкүнчүлүгү турат. Акаев учурунда калыптанган бажыдагы коррупциялык системаны Бакиев өз пайдасына аш кылды, Бакиев өөрчүткөн бажыканадагы коррупцияны Атамбаев оңой эле жутуп сиңирди. Эми ошол майлуу система кимге иштеп жатат, элгеби же азыркы президент жана анын чөйрөсүнөбү?-деген суроо сиздин оппоненттериниздин да, коомдун да негизги суроосуна айланып, ал күн өткөн сайын сиздин өзүңүзгө сокку болуп урула берээрине бөркүңүздөй ишенип коюңуз. Ушул суроого калкты ыраазы кыла турган, “аа…андай болсо жакшы экен, бажыканада адилет система түздүрүпсүз”,- деген эл чындап ишенээрлик жоопту табышыңыз керек болуп турат…”,-деп сөзүнүн аягын бүтүргөн Э. Кыязов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: