Menu

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кыргыз ишкерлеринин кыялдарын ишке ашырууга көмөктөш болууда

Бөлүшүү:

Кыргыздын белдүү ишкерлеринин бири Рахат Ирсалиев көп жылдан бери Кыргызстанда Кичи ГЭСтерди курууну кыялданып жүргөнүн билчүбүз. Албетте ири курулуш компаниясы бар Ирсалиевге элиттүү үйлөрдү салып-сатып жанын кыйнабаса деле болмок. Бирок, азыр дүйнө электрэнергияны өндүрүүнүн кошумча, экологиялык таза булактарына өтүп жатканда Кыргызстан тээ эсил кайран СССР салып берип кеткен, эскилиги жетип чекесинен бузула баштаган ири ГЭСтердин көзүн карап гана олтурат. Ошол эле учурда кыргыз өлкөсүнүн жаратылышы шарттаган экологиялык жактан таза, арзан электрэнергияны өндүрүүгө мүмкүн болгон миңдеген кичи ГЭСтерди куруу потенциалы  пайдаланылбай келет. Мамлекетибиз Камбар-Ата-1 жана башка ири ГЭСтерди курууга каражат издеп, дүйнөгө жар салып таппай жатат. Ал эми жеке ишкер Рахат Ирсалиев көп жылдардан бери өлкөдө кичи ГЭСтерди курууга ички жана тышкы инвесторлорду тартууга аракет кылып, бош турган акча каражаттарын издеп жүргөнүнө күбө болгонбуз. Акыры анын кыялы ишке ашып, анын бул бизнес долбоорун Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду колдоого алганын угуп, Ирсалиевдин көп жылдык кыялы ишке ашарына үмүт артып калган болчубуз.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн 2015-жылы түзүлгөн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду биринчи болуп ишкер Рахат Ирсалиевдин бизнес идеясынын келечектүү экенин дароо баамдап, аны менен Кемин районунун Тегирменти аймагындагы сууга Тегирменти кичи ГЭСин курууну каржылоо боюнча келишим түздү. Тегирменти кичи ГЭСин куруу долбоору 215 миллион сомго бааланган болчу, анын 71 миллион сому Рахат Ирсалиевдин өзүндө бар эле, калган 144 миллион сомду насыя катары Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өнөктөшү “Айыл-банк” аркылуу 5 жылга жылдык 12% менен кредит кылып бермек болду.

Кредиттин алгачкы траншы 2016-жылдан 18-январынан баштап бериле баштады. Курулушта чоң тажрыйбасы бар Рахат Ирсалиев Тегирменти кичи ГЭСин 11 айдын ичинде куруп бүтүп, 2016-жылдын ноябрында салтанаттуу ишке киргизди. Тегирменти кичи ГЭСине Чехия өлкөсүнүн CINK Hydro фирмасынын Рelton тибиндеги турбинасы орнотулду. Мындай типтеги турбина суу тартылган кыш мезгилинде да натыйжалуу иштей тургандыгы менен белгилүү. Курулуш ишине 50 адам тартылып, ГЭС ишке киргенден тарта туруктуу жаңы 8 иш оруну пайда болду. ГЭС толук түрдө заманбап автоматташтырылып, 8 адам анын ишине кез-кезде көз салып гана байкап турат.

Натыйжада кичи Тегирменти ГЭСи 2016-жылдын декабрь айында эле 446 640 кВт саат электр энергиясын иштеп чыкты. Ал эми 2017-жылдын январында 476 460 кВт саатка жетти. “Тегирменти ГЭСтери” кичи ишканасы “Түндүк электр” ачык акционердик коому менен 2017-жылга келишим түзүп, анда бир жыл ичинде 13 млн. 500 тыс. кВт электр энергиясын иштеп чыгып, сатууга макулдашышты. Ошентип Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кыргыз ишкери Рахат Ирсалиевдин көп жылдан бери кыялданып келаткан тилегин – бизнес долбоорун ишке ашырууга көмөктөш болду.

Кыргызстанда реалдуу бизнес идеялар менен жүргөн көптөгөн ишкерлер, ишканалар бар, бирок, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей көпчүлүгү реалдуу кредиттик каржылардын жоктугунан кендири кесилип келүүдө. Кыргыз-орус өнүктүрү фонду ошондой ишкерлер менен ишканаларды таап чыгып, алардын бизнес кыялдарын реалдуулукка айлантуу үчүн көмөктөшүүгө аракет кылууда. Фонддун андан кийинки долбоорлоруна көз жүгүртсөк, алгач көзгө илингендердин бири “ЖБИ заводу” ачык акционердик коому болуп эсептелет. “ЖБИ заводу” да эсил кайран СССР учурунда курулуп, бүгүнкү күндө эскилиги жеткен жабдыктары менен кардарлардын суроо-талаптарын аткарууга чама-чаркы чектелүү болуп калган эле. Заводду реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча долбоорду каржылоо үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 32,3 миллион сом каражат бөлдү. Бул насыяга завод жаңы бетон даярдоочу түйүндү сатып алып орнотту, темир-бетон түтүктөрүн куюучу линияны курду. Натыйжада бетон даярдоонун көлөмү эки эсеге көбөйдү, Бишкек шаары жана башка кардарлар үчүн ирригациялык бетон түтүктөрүн даярдоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Завод үйлөрдүн үстүн жабуучу бетон тосундарын, бетон тепкичтерин, электр устундарын, ЛЭП тирөөчтөрүн, бетон темир жол шпалдарын, бетон кудуктарын, бетон арыктарын, пайдубал блокторун жана башка продукцияларды жасап чыгарууну эки эсеге көбөйттү.

“Эллегия” кичи ишканасы полиэтилен пленкаларынан эл керектөөчү товарларды, айыл чарбасында массалык иштетүүчү пленкаларды чыгаруу боюнча долбооруна Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 31 миллион сом кредит алып, өндүрүш жабдыктарын жаңылоого мүмкүнчүлүк алды. Андан башка мурун иштетилген пакеттерди, эски пленкаларды кайра иштетүүчү линияны орнотту. Натыйжада, “Эллегия” кичи ишканасы айыл чарба плантацияларын жабуучу пленкаларды, күнөскана жабуучу пленкаларды массалык түрдө чыгарууну өздөштүрүп, өз продукциясын Кыргызстандын 100дөн ашык ишканасына сатып жана Казакстан менен Тажикстанга экспорттой баштады.

Жеке ишкер Темир Туйтуев жергиликтүү кара жыгачтан эшик терезелерди, паркет, тепкичтерди, үй жана офис эмеректерди жасоо максатында станокторду жана жабдыктарды сатып алып орнотуу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан өнөктөш “Айыл банкы” аркылуу 5,5 млн сом кредит алып, өз кыялын ишке ашырды. Натыйжада,  жеке ишкердин цехи бир айда 50 кубометр кара жыгачты кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүн алды.

“Титан” кичи ишканасы ташты майдалап кумга, шебенге айлантчу линияны сатып алып орнотуу үчүн Кыргыз-орус фондунун каражатынан 20 миллион сом кредит алып, жаңы цехти ишке киргизди. Эми “Титан” кичи ишканасы күнүнө 1000 тонна ташты кум менен шебенге айлантып майдалап элге, курулуш ишканаларына сата алат.

“Оберон” кичи ишканасы 4,5 миллион доллар кредит алып, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарына заманбап логистикалык борбор курду. Ички жабдыктарынын баарын Германиянын Plattenhardt + Wirth GmbH фирмасынан сатып алып келип орнотту. Эми Ысык-Көлдүн мөмө-жемиштерин евростандарттын талаптарына ылайык 270 күнгө чейин кынтыксыз сактоого болот. Жашылча-жемиштерди жаңы кезинде тоңдуруучу линия ишке киргизилди. Евробиримдик Кыргызстанга “ВСП+” программасынын алкагында өз продукцияларын пошлинасыз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн берген кезде мындай евростандартка ылайык логистикалык борбордун курулушу замандын талабы болучу.

Мындай, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун көмөгү тийген ийгиликтүү долбоорлорду тизмектей берсе кагаз жетчүдөй эмес. Жалпысынан фонд иштей баштаган 19 айдын ичинде кыргыз ишкерлеринин 690 бизнес долбоорун каржылоого 222 миллион АКШ долларын же 15 миллиард сом сарптады. Анын ичинен 102 миллион долларды түзгөн 663 долбоор орто жана кичи бизнеске тишелүү болсо, 120 миллион долларды чапчыган 27 ири долбоорлор түздөн-түз фонд тарбынан каржыланган. Каржыланган долбоорлордун географиясы да кең: Жалал-Абад облусунан 118 долбоор, Чүй олусунан 104, Талас облусунан 22, Ысык-Көл облусунан 74, Нарын облусунан 25, Ош облусунан 69, Баткен облусунан 40, Бишкек шаарынан 203, Ош шаарынан 38 долбоорду камтыган. Алардын ичинен айыл чарбасы, тамак-аш кайра иштетүү, мал чарба багыттары эң көп каржыланган тармактар болду. “Тамчы” эл аралык аэропорту, “Кошой” жана “Кайыңды” кант заводдору, “Текстиль Транс” сыяктуу ири ишканалар да өз бизнес долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз-орус фондунун ири каржылык колдоолорун алышты.  Кредиттик кору 500 млн АКШ долларын түзгөн кыргыз-орус фонду өз каражаттарынын эсебинен кыргыз ишкерлеринин бизнес кыялдарын реалдуу ишке ашырууга чоң өбөлгө болуусун улантууда.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: