Экс-депутат, белгилүү журналист жана саясий ишмер ар убак кырдаалга тыкыр көз салып, абалды сыдыргыдан өткөрүп турат. Бул сапар да ички божомолун биз менен бөлүштү.
– Кабай мырза, Кубанычбек Кулматовдун КСДП тарабынан президенттикке көрсөтүлүшү сыяктуу маалыматтар чыгып, андай кабарлар кайра тез арада горизонттон алынып салынганын кандай жоромолдосок болот? Кулматовду Кремль төбөлдөрү колдосо өтөт, бирок, аны эл кабыл алабы?
– Алмазбек Атамбаев, КСДП жана Москва Кубанычбек Кулматовду азыркы президенттин мураскери катары карашкан жок. Ошондуктан, кандайдыр бир божомолдорду айткан туура эмес болот. Президент жана анын тегерегиндегилер таптакыр башка талапкерлерди карап жатышат.
– Мисалы, ал талапкер ким болушу мүмкүн?
– Конкреттүү бир талапкер жөнүндө айткан азырынча эрте. Менин билишимче, президент али акыркы чечимди кабыл ала элек.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ