Өткөн жылы кыска аралыкта түзүлүп, дүбүртү катуу чыккан «Элдик парламентти» билесиңер да? Бийликке жолдогон ачуу сындардын айынан бул топтун анабашчысы Бекболот Талгарбеков болбогон жерден өткөн жылдын май айында УКМКнын жертөлөсүнө камакка алынган. Ошондон бери адилеттүүлүктү күтүп, ак менен каранын таймашын башынан өткөрүүдө. Кирип чыккан жактоочусу менен жакындарынын айтымында, каарманыбыз адатынча айбатынан жазбай, гезит-журналдарды үзбөй окуп, ага удаа бүгүнкү турмштун оң-терсин жазып, эркиндикте жүргөн соңку ирмемдеринде англис талин өздөштүрүштү тигил жактан да улантып, тагдырдын сыноосуна мүңкүрөп калбай жанындагыларына да бекем духу менен үлгү болуп жаткандыгы каңкууланды. Кожоюндун кайраттуулугуна таң берген үй-бүлөсү да баштагыдай мүңкүрөп, духтарын түшүрүшпөй, атасы каштарына кайтып келер күндү күтүп жатышканын, абакта жаткан каарманыбыздын үй-бүлөсүнө артындагы жүздөгөн ага-тууган, дос-тааныш, куда-сөөктөрү моралдык жана материалдык жактан зор колдоолорун көрсөтүп жатышканына ыраазычылыгын билдиришти.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ