5-апрелде Тажикстандын Муминабад районундагы Чарги айылынын мектебинде эки класстын окуучулары сабак маалында эс-учун жоготушкан. Жергиликтүү дарыгерлер балдарга алгачкы медициналык жардам көрсөткөнү менен анын себептерин аныктай алышкан эмес.
9-апрелде Тажикстандын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги окуучулар дүрбөлөңгө түшүп, анын жыйынтыгында эстерин жоготконун билдирди.
«Тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин министрликтин атайын комиссиясы окуучулар классташынын эсинен танганына күбө болгондуктан улам эс-учун жоготушкан деген чечимге келди», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, медиктерден, эпидемиологдордон жана психологдордон турган комиссия мүчөлөрү айылдагы бардык үйлөрдү кыдырып чыгып, бирок балдардын суудан же тамак-аштан уулангандыгын көрсөткөн эч кандай белгилерди табышкан эмес.
2016-жылы дагы Тажикстандын Хожагалтон районунда сабак маалында ондогон окуучу эсин жоготуп жыгылган. Кийинчерээк Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызмат 25 окуучунун баары тең зыяндуу курт-кумурскаларды өлтүрчү химиялык заттан ууланганын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ